Өлкөдө 24 миң бала ата-энеси чет өлкөдө болгондуктан туугандарынын колунда тарбияланат
Өлкө аймагында 145 мектеп-интернаты бар, бул окуу жайларда 12 миңден ашык бала тарбияланат. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда маалымат жыйынында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча башкармалыгынын башкы адиси Назгүл Чолумова билдирди.
"Мектеп-интернаттарындагы балдардын 683ү тоголок жетим. Алардын ичинде ата-энеси чет өлкөгө кеткен мигранттардын балдары да бар.
Ал эми өлкө боюнча 24 миң бала ата-энелери чет өлкөгө кетип, тууган-туушкандарынын колунда тарбияланат. Ал балдар ар кандай зордук-зомбулуктарга кабылбайт деп эч ким кепилдик бере албайт", - деди адис.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
1

Откондо эле зам.министр МВД Курсан Асанов туугандарынын колунда тарбияланып жаткан балдардын саны 50 миндей деди эле. Эми мунусу келип 24 мин дейт!!!
Бул сандарды булар кайдан алыптыр, эл аралабаса, кабинетинен чыкпай компьютерде оюн ойноп, соц.тармактарда отурушса кечке!!!
Анан бири келип 50 мин, башкасы келип 24 мин десе, баштан ары камчы менен тартып тартып жибергин келет... Эч болбосо ошол маянасын актап жешсе боло!!! Ошолор маяна деп алып жаткан акча элдин бешене тери, коз жашынан куралган акча!!!