“Жаш канат” бий ансамбли эл аралык сынакта жеңүүчү болду
“Жаш канат” бий ансамбли “OPUS-2013” аттуу 9-эл аралык сынакта 1-орунду ээледи
“Жаш канат” бий ансамбли “OPUS-2013” аттуу 9-эл аралык сынакта 1-орунду ээледи
"Жаш Канат" бий ансамбли алдыңкы жеңиши үчүн диплом менен сыйланды
"Жаш Канат" бий ансамбли алдыңкы жеңиши үчүн диплом менен сыйланды
Бишкек мэриясынын Маданият жана туризм башкармалыгына караштуу №6-балдар искусство мектебинин “Жаш канат” хореографиялык ансамбли “OPUS-2013” деп аталган 9-эл аралык сынакта 1-орунду ээледи. Балдар чыгармачылыгынын бул сынагына Европа, Балтика жана КМШ өлкөлөрүнөн таланттуу жаш бийчилер, ырчылар жана балдар театрлары катышып, сынак 14-июндан 21-июнга чейин Каталонияда өттү. “Жаш канат” ансамблине 1-орун гана ыйгарылбастан, келерки жылы Рига шаарында өтүүчү “Rigas pavasaris-2014” эл аралык хореографиялык сынагына катышууга жолдомо тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















берсин.Мындан ары да ийгиликтерге жетишкиле.