super.kg logo

Эртең Бишкектин борбордук аянтында 5 миңдей жаштардын катышуусунда кыз ала качууга каршы флешмоб өтөт

 

Эртең, 6-июнда саат 10:00дө Бишкек шаарынын борбордук аянтында "Биз, жаштар - кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршыбыз" деген аталыштагы флешмоб болот. Бул тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара "Enactus-Кыргыз өлкөсү" уюму тарабынан Билим берүү жана илим министрлиги менен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен уюштурулууда. Флешмобдун максаты - жаштардын кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршы экенин билдирүү. Иш-чарага катышкан колледж, жогорку окуу жайлардын студенттери коомчулукка, ата-энелерге кайрылып, кыз ала качууга тыюу салууга жана кыздарды кыйнап эрте турмушка бербөөгө чакырышат.

"Флешмобдун катышуучулары эстафетаны башка облустардагы студенттерге өткөрүп беришет. Ошондой эле борбор калаадагы бардык тургундарды алардын катарына кошулууга чакырат. Борбордук аянтка топтолгон жаштар биргеликте "Кыз ала качууну жана эрте жаш куракта никелешүүнү токтот" деп айтышат. Бул маселелерге кайдыгер карабаган 5 миң студенттин флешмобго келиши күтүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
05.06.2018. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мекенди сатбагыла, жер кен байлыктарды сатбагыла деп чыкбайсынарбы башка койгой жок болгонсуп.
05.06.2018. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jbolotov,эмне кыз ала качуу койгой эмеспи. Канчалаган жаш кыздардын тагдыры талкаланып жатат. Туура чыгышсын. Колдойбуз. А элди жерди сатпагыла деп студенттер эмес башкалар да ойлонсун.
05.06.2018. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meku89, Сен ойлогон проблема бул проблема эмес, улуттук коопсуздука доо кетирген,мекенибизди жоюп салуучу иштер болуп атат, карыз кылуу, кен байлыктарды чет элдиктер алуу деген, сенин кыз алакачуун проблема эмес ал болсода болбосода мамлекетке коркунуч туулбайт
05.06.2018. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бурулайдын окуясы, Кыргыз жаралгалы бери биринчи жолу ушул окуя катталып жатат.
Кимди жана качан уктунар эле, ала качып барып олтуруп салыптыр деп? Чек ара маселесин, кытайга берилген жер,карызга алынган акчалар жана толтура койгойлор бар, ошолоду которуп чыгышпайбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: