super.kg logo

Садыр Жапаровдун сотунда прокурорду "кыргызча билбейт" деп алмаштыруу суралды. Ал "Нарында иштегем, кыргызча түшүнөм" деди

 

Бүгүн, 5-июнда Жогорку Сотто абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун иши каралып жатат. Анда жактоочулардын бири Бакыт Асамудинов прокурор Алишер Рустамбаев кыргызча түшүнбөгөндөн улам аны башка прокурорго алмаштырууну өтүндү.

Ал эми прокурор Рустамбаев: "Мен кыргызча түшүнөм, жакында эле мамлекеттик тилден экзамен тапшыргам. Нарында иштеп келгенмин, кыргызча түшүнөм", - деп өзүнө карата айткан сынды четке какты.

Соттук коллегия прокурорду алмаштыруу боюнча жактоочунун өтүнүчүн канааттандырган жок.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(13)
05.06.2018. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Уят эле кыргызча сүйлөй албай түшүнөм деп отурганы
05.06.2018. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жапаров акталсын эгер акталбаса Жеенбековко ишеним 100%ке жоголот
05.06.2018. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Соттор акыйкат адилеттуу чечим чыгаргылада.Силерге дагы кандай далил керек.Шашпагыла силердинда кунунор келет откон нерсеге бушайман болосунар.
05.06.2018. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Садыр Жапаров убагы келгенде биздин призидент болот ошондо коробуз сотторду
05.06.2018. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Нарында иштеп келсе эмне ал жактан диплом береби кыргыз тилин билет деп
05.06.2018. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз тилин түшүнүшү мүмкүн а бирок Кыргыз тилинде сүйлөй алат бекен
05.06.2018. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жапаровтун колдоочулары айткылачы Жапаров бийликте отурган кезде кандай иш чараларды жасаган козго корунуктуу
06.06.2018. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Okunboim.,Бакиевтин коррупцияга каршы комиссары болуп мамлекеттик имараттарды арзан сатып алып кайра кымбат сатып байыган
06.06.2018. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Okunboim., жергаланды басып алып талкалады, мотуевке окшоп
05.06.2018. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошон учун кыргыз тили кордолуп жататда аяосуз жазалаш керек бул сотторду
05.06.2018. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жапаров акталсын
06.06.2018. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жапаров ошол прокурорго Кыргыз тилин уйротуп койсонор жакшы болмок...
06.06.2018. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каптагаев ким болбосо да барымтага алынган, бирок ал жаппаровту актаганы менен ага компромат бар болуш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: