super.kg logo

"Орозодо ичпечи, балам" деген сөзү үчүн атасына бычак сайган тургун 2 айга камакка алынды

 

"Ичпечи балам, жок дегенде орозодо ичпечи..." деген сөзү үчүн атасына бычак сайган уулу 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

"Атасынын ѳмүрүнѳ кол салган тургун 2 айга камакка алынды. Анын баш коргоо чарасы каралып, тергөө иштери аяктаганга чейин Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайында болору чечилди", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, 3-июнда Ошто ата-баланын ортосунда чыр чыгып, "ичпечи балам, жок дегенде орозодо ичпечи…" деген сѳзү үчүн уулу атасына бычак сайган. Тергѳѳ иштеринин алгачкы жыйынтыктарына ылайык, жабырлануучунун уулу алкоголдук ичимдиктерди көп ичкендиктен атасы ага "ичпечи балам, жок дегенде ыйык орозо күндѳрү ичпечи..." деп айткан. Анын сөзү мас абалындагы баласын ачуулантып, ал ашканадагы бычакты алып, атасынын артынан барып бычак менен моюнунан кесип жиберген. Анын кесепетинен атасы көп кан жоготуп, өз учурунда келген милиция кызматкери жана "Тез жардам" кызматынын жардамы менен гана өмүрү арачаланып калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
05.06.2018. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай ХХХХХХХХ баладан коро жогу жакшы.Кантип атасына бычак саят, ылайым турмодо сенин сазайынынды берсин.Атасына бычак сайгандан тайбаган адам,кочодо деле каалаган адамын олтурот. Кылмышкер айбандардын оорду турмо,ошол жактан чыгарбаш керек мындай ХХХХХХХ.ХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-05 17:50:43
05.06.2018. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Asyl10, провокация жараткан билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган! Билдирүүңүз түзөтүлдү.
06.06.2018. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Наалат болсун сендей акылсызга, кандай гана ниеттер менен чонойкондур ата байкуш.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: