super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев Индиянын президентине Индияда болуп өткөн суу ташкынга байланыштуу көңүл айтты

 

24-июнда президент Алмазбек Атамбаев Индиянын президенти Пранаб Мукерджиге Индияда болуп өткөн суу ташкынга байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Анда мындай деп айтылган: “Улуу урматтуу  Пранаб Мукерджи, Индиянын түндүгүндө болгон  суу ташкынынын натыйжасында көптөгөн адамдар жапа чеккендиги тууралуу суук кабарды кабыргам кайышып кабыл алдым. Каза тапкандардын туугандарына, жакындарына кайрат айтып, жапа чеккендерге  тезирээк сакайып кетишин каалоомду жана үй-жайсыз калгандарга колдогон сөздөрүмдү жеткирип коюуңузду өтүнөм. Терең кайгыруу менен Алмазбек Атамбаев”. Эске сала кетсек, 19-июнда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Индиянын Уттаракханд жана Химачал-Прадеш штаттарын суу каптап, миңдеген жарандардын өмүрүн алып, олуттуу кыйроолорго алып келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: