super.kg logo

Жабырлануучу: "Барымтаны уюштурган адам эркин жүрөт, анын ордуна бейкүнөө Садыр Жапаров отурат"

 

"Барымтаны уюштурган Кенжебек Жумабаев эркин жүрөт да, анын ордуна бейкүнөө Садыр Жапаров отурат", - деп бүгүн, 5-июнда Жогорку Сотто абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун соттук ишинде жабырлануучу Эмилбек Каптагаев көрсөтмө берип жатып айтты.

Анын айтуусуна караганда, буга чейинки сот чечимдери адилетсиз чыгарылган.

"4 жыл ичинде 20га жакын бала соттолду. Алардын бир тобу мөөнөтү бүтүп чыкты, айрымдары отурат. Бирок ошолордун бири да Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө берген жок. Митингдер болуп келет, бирок барымтага алуу менен митинг уюштуруу - башка-башка нерселер. Мени Жумабаев колумдан толгоп унаага отургузганда "эй, коё берчи, өзүм эле отурайын" деп айткам.

Барымтаны уюштурган Жумабаев 1 жылдан кийин бошотулуп кетти. Ал эми ошол жерде жүргөн балдар 9 жылдан кесилип, күчөтүлгөн тартипте абакта отурат. Эмне үчүн барымтаны уюштурган Жумабаев эркин жүрөт да, анын ордуна бейкүнөө Жапаров отурат", - деди Каптагаев.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
05.06.2018. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жапаровко боштондук акталсын кудайым өзү колдосун.
05.06.2018. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жабырлануучу дабам жок десе бошоткула кеңжебекти камагыла ордуна
05.06.2018. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атамбаевдин ХХХХХХХ ХХХХХХХ кооптуу келишимдерге кол койгону учун жоопко тартылса болот эле, уй мулку ошол келтирген зыяндарын жапса суйунот элек. Нарын ЖАбад трассасын 370 миллион доллар!!! Га ондоону кайсы келесоо кол коймок? 370 млн доллар деген бутундой бир кичи шаардын акчасыго.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-06 12:50:16
05.06.2018. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каптагаевдин адамдык сапаты жогору екени суйундурот
06.06.2018. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
С.Жапаровдой кучтуу инсандар темир тор артында олтурганы аябай окунучтуу,Сооронбай Жеенбеков ажобуз Жапаровко мунапыс берип койсонуз Кыргыз элибиздин жана Кудайдын алдында да туура жана соопту иш жасаган болосуз ...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: