super.kg logo

Жактоочу: "Жапаровду колун, моюнун өзү кести дешти, бул акылга сыйбаган нерсе. Аны өлтүрүү аракеттери болгон деген ой келет"

 

Шарабидин Токтосунов"Садыр Жапаровду өзүнүн колун өзү кести дешти, бул акылга сыйбаган нерсе", - деп бүгүн, 5-июнда Жогорку Сотто абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун соттук ишинде Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов айтты.

Анын айтымында, Саруу окуясы боюнча 200дөн ашык адам көрсөтмө берген. Бирок алардын бири да Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө берген эмес.

"Алар Саруу окуясында саясатчынын эч кандай тиешеси жок, өзүбүз уюштурганбыз деп көрсөтмө беришкен. Кенжебек Жумабаев да бул ишке Садыр Жапаровдун эч кандай тиешеси жок деп келет. Тергөөчү бул ишке Садыр Жапаровдун тиешеси барбы десе, ал жок деп көрсөтмө берген. Алар Жумабаевди чакырып "Жапаровго каршы көрсөтмө берсең, биз сени Жогорку Соттон бошотобуз", - деп көрсөтмө алууга аракет кылышкан. Каршы көрсөтмө бербей койгонуна байланыштуу Жумабаевди СИЗОдо камерада кыйнашкан. Мындан улам ден соолугу үчүн Жумабаев Жапаровго карата көрсөтмө бергенге аргасыз болгон", - деди Токтосунов.

Ошондой эле ал Жапаровду көзөмөл-өткөрүү бекетинен кармап кетүү да, УКМКда кармоо да мыйзамсыз болгонун белгиледи.

"СИЗОдо Садыр Жапаровдун эки колу жана моюну кесилип, 47-абакка которулду. Мен саат 07:00дө барып, саат 11ге чейин кире албай турдум. Ага чейин УКМКдан келгендер кирди. Мен киргенде эсине келе албай жатып: "Ата-энем жакшыбы, балдарым жакшыбы?" деп ар биринин атын атап сурады. "Чындап эле алар жакшыбы? Алар аман эле болсо, мен баарына макулмун", - деди. Ал өзүнүн колун, моюнун өзү кести дешти, бул акылга сыйбаган нерсе, ал сол колун кесип, андан кийин оң колун, моюнун кантип кесет? Бул тарыхта болбогон нерсе. Өзү кескен эмес, аны өлтүрүү аракеттери болгон деген ой келет", - деди Токтосунов соттук отурумда.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Айта кетсек, өткөн жылдын 4-апрель күнү SUPER.KG порталынын окурманы Садыр Жапаровдун колу жана моюну кесилип, кийимдери кан болуп жаткан абалдагы сүрөтүн жөнөткөн.

Кийин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын байкоо кеңешинин мүчөсү Чолпон Өмүрканова Бишкектеги №47-колонияда дарыланып жаткан экс-депутат Садыр Жапаровдон кабар алганын айтып берген.

Анда ал Садыр Жапаров ага эртең мененки саат 4 менен 5тин аралыгында дааратканага кирип, бычак менен сол колунун чыканагынын бүгүлгөн жерин жана моюнунун сол жагын кескенин айтып бергенин билдирген.

"Жапаров №47-колонияда эсине келген. Бул жерде анын кесилген жерлери тигилип, ал тамчылатма дары алууда. Мындан тышкары андан психотерапевт кабар алды. Учурда Жапаровдун абалы канааттандырарлык. Ал суицид аркылуу маселени чечүү туура эмес экенине макул болду. Ал үй-бүлөсү, туугандары жана жакындары үчүн кабатыр болууда. Жапаров дарылангандан кийин аны УКМКнын СИЗОсуна жаткырууга бийликти чакырат элем", - деген Өмүрканова.

 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(27)
05.06.2018. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Чыгарбаса Аташтын эле саясаты болгон болот
05.06.2018. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Азыркы сотторду тез арада алмашбаса кесепети С.Жээнбековдун өзүнө тийет
06.06.2018. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Jelezo,Жээнбековго ишенич очуп баратат. Чыгарбайт Мадумаров тууру эле айтып жатат . Колунан эч нерсе келбейби. Аташкасы не десе ошол болот коросунорго .Садырды чыгарса ишенич пайда болот эле
07.06.2018. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyzburak87,аташкасын укса Исаковду камамак эмес да,логика барбы?
05.06.2018. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Сотторун сокени тоготпойт да
05.06.2018. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Канеке Урматту Жэнбеков акыйкат жонундо эле суйооп калдыныз акыркы убакытда коробузго эртен сот системасына озгортуу киргизе алдынызбы жарым жылда
05.06.2018. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бошотсун бошотпосо ХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-06 10:31:37
06.06.2018. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekov01, провокация жараткан билдирүү жазууга тыюу салынат!
05.06.2018. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бул жерде да Ашанын кулагы көрүнүп жүрбөсүн,

С.Жапаровго боштондук!
05.06.2018. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мамлекет башынан эр азаматтар,окумуштуулар кеткенде,олко башына канкорлор,ач коздор,акылсыздар келет.Ушул убакыт бизге келгенго капырай.
05.06.2018. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жалко Жапарову,Исакову
05.06.2018. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Орду бош калбас учун исаковту койуп чыксын Жапаров
05.06.2018. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жогорку Кенештин депутатынын моюнун кестиртип аны озу кылды дедирткен денгеелге чейин кордогон бийликтегилерде адамдык касиет ыйман калбаган экенда, эптеп сындыруу коркутуу болгону баарына эле белгилууда. Жок дегенде депутаттык наамын сыйлап жон эле камаса болмок, депутатты мыйзам чыгаруучу козомолдоочу органда иштеп жургонду ушинтсе жонокой жаранды тоок сойгондой кылышатко? Атамбаевда ушундай ХХХХХХХХХ бийликти алган эле.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-06 10:43:16
06.06.2018. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jbolotov,такталбаган маалыматтарды жазууга тыюу салынат!
05.06.2018. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не болду чыктыбы
05.06.2018. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо Садыр жапаровдун соту не болду
05.06.2018. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ээ туугандар соттордунда депутаттардын да арты ылай Садыр Жапаров чыкса шымын чечип ылайын элге көрсөтүп коёт ошондон чочуп жатышат
05.06.2018. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Садыр Жапаровго кудайым өмүр берсин Боштондукка чыгып бардык сотторго ылай шыбасын
05.06.2018. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер инфо Жапаров жөнүндө маалымат берип койгулачы
05.06.2018. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не болду садыр байке
05.06.2018. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Садыр Жапаров эмне болду чыктыбы супер инфо ? Жооп берип койсонуздар .
06.06.2018. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Садыр Жапаров эмне болду акталдыбы?жооп жокго
06.06.2018. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
УГМКда иштегендер же сизонун кызматкерлери деле жинди эмес камактагы кишини кескилеп !олтургулору келсе канжалатпай эле олтурмок.бул вена кесет мойун кесет деген камакта олтургандардын эски трюку.мен 100% Садыр озун озу кескен деп ишенем.а бирок адилеттуу жагынан караганда Садыр жон эле жерден камалып кетти чындыкты суйлойм деп.элдин энчисин элге алып берууго аракет кылганы учун ,ошол Кумтордон коррупция аркылуу чон сасык курсагын баккан айбандарга бут тоскону учун камалып кетти патриот жигит!!!
06.06.2018. 03:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сот эртең (башка күнү) улантылабы же бүттүбү? Бүтсө эмне деген чечим чвгарылды??????
06.06.2018. 03:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сот 6 июнга жылыптыр.азаттыктан окудум.
06.06.2018. 07:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уятты жок соттор кудай бардыр силерге да
06.06.2018. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
barsbegKG, talaa11, jergetal, Crystal, Ermekbai,
Саламатсыздарбы! Шилтемелер:
https://www.super.kg/kabar/news/234245/
https://www.super.kg/kabar/news/234217/
https://www.super.kg/kabar/news/234213/
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: