super.kg logo

Бүгүн райондук сот Матраимов менен Исаковдун иши боюнча чечим чыгарат

 

Бүгүн, 6-июнда Биринчи Май райондук сотто Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун соттук иши уланат. Буга чейинки сот отурумунда соттук териштирүүлөр аягына чыгарылгандыктан 6-июнда соттун өкүмү угузула турганы белгилүү болгон.

Эске салсак, Исаков Матраимовду 2017-жылдын 23-ноябрында "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. 26-апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп Исаковду сотко берген. Матраимов жумуштан мыйзамсыз алынганын белгилеп, кайра өз кызмат ордуна дайындалуусу керектигин талап кылууда.

Белгилей кетсек, Сапар Исаков Бишкек ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде 5-июнда УКМКнын СИЗОсуна эки айга камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.06.2018. 07:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бириң өлүп бириң кал. Тиякта чегара чыры бүтпөй жатса, булар пост талашып убара жегичтер.
06.06.2018. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Матраимовду да Исаковго кошуп камаш керек,ошол турмодон место талашып отура берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: