super.kg logo

Депутат Зулпукаров чек ара боюнча өкмөттүк күн өткөрүүнү сунуштады

 

Жогорку Кеңештин 6-июндагы жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров Лейлек районундагы Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча маселени көтөрүп, өкмөттүк күн өткөрүүнү сунуштады. Зулпукаровдун айтымында, чек арадагы жагдайды тез арада жөнгө салуу керек.

"Коңшу Тажикстан менен болгон чек ара маселесин көрүп жатасыздар. Жогорку Кеңеш чек арага жакын турган айылдарга өзгөчө статус берүү боюнча мыйзам кабыл алган. Ошондуктан мыйзамдын аткарылып жатышы, чек ара көйгөйлөрүн жөнгө салуу боюнча өкмөттүн аткарып жаткан иштери боюнча өкмөттүк саат өткөрүү керек. Биз бул маселени жайкы эс алууга кеткенге чейин карап чыгышыбыз зарыл", - деп сунуштады Зулпукаров.

Төрага Дастан Жумабеков июнь айында өкмөттүн 2017-жылы аткарган иши боюнча отчёту карала турганын, чек ара боюнча маселени да отчёт менен бирге кароого боло турганын айтты.

Депутат Зулпукаров чек ара боюнча маселе тараптардын коопсуздугу үчүн жабык өткөрүү керек болгондуктан өзүнчө өкмөттүк күн өткөрүү туура боло турганын белгиледи.

Жыйынтыгында сунуш Жогорку Кеңештин июнь айындагы календарлык планына киргизилди.

Белгилей кетсек, 4-июнь күнү саат 17:10 чамасында Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылында Тажикстандын чек арачылары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр-чатак чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
06.06.2018. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура тезиреек чек ара маселесин чечпесе болбой калды силер чоңдор тажикстан өзбекстанга делегат болуп барганда же алар келгенде ошол жерде жашаган элден 5-6 аксакалындарын ала барыңыздар себеби ал жерде жашап жаткан кара пайым эл билет эмне болуп жатканын силер барасыңар эки чайнек чайга алданып эки кг гүрүчкө палоо басса ошого алданбай.азыр ошо максат айылында 60 үйдө кызыл китеп жок экен финский үйлөрдө өкмөт курган токтом чыгарып бериңиздер.
06.06.2018. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чек ара деп чыркыраган Улукбек Кочкоровду губернатор кылып шайлап көрүш керек. Ошол жигит чеч алат окшойт. Кочкоров какшап келген видеолор бар.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-07 11:06:15
19.06.2018. 07:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх чегара чегара.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: