Жогорку Кеңеште өкмөттүн Баткендеги өкүлүн жумуштан бошотуу талап кылынды
Жогорку Кеңештин 6-июндагы жыйынында өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаевди жумуштан бошотуу талап кылынды. Депутат Таабалды Тиллаевдин айтымында, облус башчысы чек ара көйгөйлөрүн чечүүдө жөндөмсүздүк кылууда.
"Бул кишинин облус башчы болуп келгенине 2-3 жыл болду. Бирок эч кандай маселе чечиле элек. Облус башчынын деңгээлинде чечилиши керек болгон көйгөй республикалык деңгээлге чыгып кетип жатат. Бул киши жаралган көйгөйдү ордунда чечүүнүн ордуна жергиликтүү элге "мен губернатор болуп турганда чек ара маселелерин көтөрбөңүздөр" деп айтып тим болот. Ошондуктан анын ордуна чек ара боюнча маселени, элдин көйгөйүн чече ала турган адам келиши керек", - деди Тиллаев.
4-июнь күнү саат 17:10 чамасында Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылында Тажикстандын чек арачылары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр-чатак чыккан.
Эскерте кетсек, Абиш Халмурзаев өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп 2016-жылдын июль айынан бери иштеп келет.






1 |