Бишкекте дарыгерлер бөйрөктү алмаштыруу операциясын жасашты
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кыргыз дарыгерлери тарабынан бейтаптын бөйрөгүнө операция ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Эне баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев билдирди.
"Кыргыз өлкөсүндө бөйрөктү трансплантациялоо үчүн биз он жыл даярдандык. Биздин топ Орусия, Беларусь, Түркия өлкөлөрүн кыдырып, бул операция кандай ыкмалар менен жасала турганын көрдүк. Ушул мамлекеттердин ичинен бизге Беларустун ыкмасы жакты. Мындан улам биз алардан окуп-үйрөнүүнү чечтик. Биздин топ окуп бүткөндөн кийин алар биздин өлкөгө келип, өздөрү бейтаптардын бөйрөгүн алмаштырып бизге тажрыйба берүү менен жардам кыла тургандарын айтышты. Алардан 15ке жакын дарыгерлер тобу Кыргыз өлкөсүнө өз аспаптарын кошо алып келип, 15 бейтапка операция жасашты. Андан соң биздин өлкөдө бөйрөктү алмаштырууга уруксат берилген, башкача айтканда, адистердин билими, тажрыйбасы жете турганын далилдеген сертификат беришти. Бизде жабдуулар жок болгондуктан, Жогорку Кеңешке керектүү жабдууларды алып берүү боюнча кайрылдык. Алар биздин кайрылууну туура деп таап, Саламаттыкты сактоо министрлиги жетиштүү каражат бөлүп берди", - деди борбордун директору.
Учурда Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна бөйрөктү алмаштыруу үчүн жасалган операцияга бардык жабдуулар алып келинген.
"Бригадабыз 20дан ашык дарыгерлер тобунан түзүлдү. Биз үчүнчү жаранга ийгиликтүү операция жасадык. Ал эми акыркы жолу алмаштырылган бейтап январь айынан бери гемодиализ алып жүргөн. Ага эжеси донор болду. Операциядан кийин эле биз алмаштырган бөйрөк жакшы иштеди. Донор болгон адамдын жибин 6 күндөн кийин алып үйүнө чыгарсак, бейтапты 11 күндөн кийин чыгардык. Эне жана баланы коргоо борборунда операция жасалып баштаганы абдан жакшы болду. Себеби буга чейин мекендештерибиз алыскы өлкөгө барып, көп каражат коротуп кыйналып жүргөн. Ал эми операциянын Бишкекте жасалган баасы мамлекет тарабынан бекитилип, 7 миң доллардын тегерегинде боло турганы аныкталды", - деди Узакбаев.


7 миң доллар эч текени чечпейт.арзан