super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл. Өкмөттүн өкүлү Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунда "Коомдук кабыл алуу" өткөрдү

 
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көлдөгү ыйгарымдуу өкүлүнө арыз менен кайрылган элдин маселесин жеринде чечүү үчүн облус губернатору М.А.Асанакунов 15-16-ноябрь күндөрү Ак-Суу, Жети-Өгүз райондук администрацияларында "Коомдук кабыл алуу" жүргүздү. Анда көтөрүлгөн маселелер жаңы конуштарга электр жарыгын жана таза суу жеткирүү тууралуу болду. Дагы бир өзгөчө маселе - Жети-Өгүз районундагы жыйналышта сугат суунун тартыштыгы тууралуу даттануулар жана сырткы жайыттар каралды. Ошондой эле жеке маселеси менен өкмөттүн өкүлүнөн материалдык жардам сурап кайрылган мисалдар да катталды. Эске сала кетсек, ыйгарымдуу өкүлдүн ушундай эле "Коомдук кабыл алуусу" келерки жумада облустун башка райондорунда өткөрүлмөкчү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Алтынбек Давлетов маалымдады.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: