super.kg logo

Текебаев судья Адис Момуналиевге кылмыш иши козголушу керектигин айтып, прокуратурага арыз жазды

 

Өмүрбек Текебаев Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары Адис Момуналиевдин үстүнөн прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Маалыматка караганда, Адис Момуналиев Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун акталуусуна себеп боло турган далилди жашырып койгон.

"Өмүрбек Текебаев Адис Момуналиевге кылмыш иши козголушун талап кылып Башкы прокуратурага арыз жазды. Себеби Момуналиев кызматынан пайдаланып орусиялык ишкер Леонид Маевский менен Текебаев жолуккан эместигин далилдей турган документти Жогорку Соттун кароосуна жөнөткөндө тиркебей койгон. Ачык айтканда, далилдөөчү маалыматты жок кылып салган", - деди Токтакунова.

Эске салсак, былтыр жазда Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновго "Мегакомду" сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган" деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы Дүйшөнкул Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(7)
06.06.2018. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Текебаевдин юристери күчтүү экен. Аркандай абалдарга маани берип кечендетпей фактларды таап жатышат.
06.06.2018. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Садыр Жапаровдун да адвокаттары күчтүү болгондо.
06.06.2018. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Чыгаргыла Текебаевди Садыр Жапаровду
06.06.2018. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Садыр Жапаровду чыгарып, мандатын берип "Кумтөргө" салыш керек. Кыргызстандын пайдасын көбөйтөт.
Текебаевди чыгарып белис гейтти, кулаган самалетту такташ керек. АШАны камап, жегенин кустурбаса Кытайга бергенге акча жок.
06.06.2018. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кумтордун каймагын канада алып кетти уже. Бизге уу калды...
06.06.2018. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жапаров кумтордо журду эле го Максим менен кошо казышып. Азыр неге жонотот элек. Карышкырга кой кайтартып!
07.06.2018. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саясий куугунтук деп Текебаев менен Садырды Ашанын куугунтугу деп билебиз. Бирок Сокенин убагында кармалган Сапар менен Кулматовту эмне эле саясий куугунтук деп ойлогон да жок и алардын тарапташтары да жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: