super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Тоңдун Төрт-Күл айылында таза суу түтүгүнөн ылай аралаш суу чыгат. Көйгөй 3 жылдан бери чечилбей жатат" дейт окурман

 

"Тоңдун Төрт-Күл айылында таза суу түтүгүнөн ылай аралаш суу чыгат. Көйгөй 3 жылдан бери чечилбей жатат", - деп окурман "Элдик кабарга" жазды.

Билдирүүгө ылайык, таза суу көйгөйү өзгөчө жай айларында күч алат.

"Суу өзү күнүнө 3 саатка токтотулат. Анан чыкса да таза чыкпай, ылай аралаш суу чыгат. Айыл өкмөттөгүлөр бул көйгөйдү билет, 3 жылдан бери маселе чечилбей жатат. Сууда курттар да бар, ооруларды пайда кылышы мүмкүн", - деп жазды окурман өзүнүн билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Тоңдун Төрт-Күл айылындагы "таза" суу

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
06.06.2018. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тон эмес Караколдо этаж уйлордо омур боюу эле суу ылай чамынды курт балык бака тушо берип тажаганыбыздан 30миндик фильтр койдуруп атабыз оз чонтогубуздон мэриянын башы да оорубайт шаар эли курт ичеби таш ичеби урганы жок..
06.06.2018. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Айылдарды Карап койооруна козум жетпейт.. Биздин чондор элдин эмне суу ичип атканынан конул бурушса кана..
06.06.2018. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Колдо да ушундай сууга жетпеген жер барбы ээ
06.06.2018. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тон районунун Тогуз-Булак айылында да ушундай кир суу ичишет. Таза сууга болунгон акчаны айыл окмот башчысы жээп коюптур.Эми ал киши шаарга кочуп кетем деп атыптыр. Уй-булосу айылда жашабайт экен. Уй булосу мындай ылай суу ичпейт да, ошентип коррупция болуп отурушат. Кыргызстанда кичинекей айыл окмотунон жогор жакка чейин коррупция, эл ырыскысын кантип жээп алышат. Аллахтан коркпогон немелер турбайбы ((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: