super.kg logo

Денесинин 85 пайызынан күйүк алган Исфандияр Бабашовдун жубайы: "Короого чыксам күйөөм күйүп жатыптыр" (абайлаңыз, сүрөт)

 
Исфандияр Бабашов балдары менен

Жети-Өгүз районунун Покровка айылынын тургуну 29 жаштагы Исфандияр Бабашов учурда кайрымдуу адамдардын жардамына муктаж. Анын денесинин 85 пайызы күйүп, учурда оор абалда Бишкек шаарындагы №4-оорукананын күйүк бөлүмүндө жатканын жубайы Элдана Таалайбекова SUPER.KG порталына билдирди.

Таалайбекованын айтымында, күтүлбөгөн кырсык 21-майда болгон.

"Исфандияр короодо койдун башын куйкалап жаткан. Ошол учурда паяльник атылып кетиптир. Бир убакта кыйкырган катуу үн чыкты. Мен сыртка чыксам, жолдошум күйүп жатыптыр, бир саамга катып туруп калдым. Үйдө эч ким жок эле, нес абалда эмне кылдым билбейм, айтор, өрттү өчүрүптүрмүн. Кайнагамды чакырып, кайнене-кайнаталарым менен дароо Жети-Өгүз райондук ооруканасына жеткирдик. Ал жерде жандандыруу бөлүмүндө 2 күн жатты. Андан соң абалы оор болгондуктан Бишкекке жөнөтүштү. Жолго 18 миң сом төлөп, дарыгерлер менен чогуу алып келдик", - деди Таалайбекова.

Айтымында, Исфандияр күйүп жатканда эле эсин жоготкон, учурда эсине келип аз-аздан сүйлөп жатат.

"Азыр да абалы абдан оор, тамак жей албайт, түтүк менен араң суу ичет. Дем ала албай калат, жасалма дем алдырууга туура келип жатат. Оорудан жаны аябай кыйналып жатат. Күн сайын кан, плазма, түрдүү дары-дармектер керектелип жатат. Күнүнө 10-15 миң сомго чейин каражат кетүүдө, дарыгерлер да абалыбызды түшүнүп айрым дары каражаттардан жардам бергени менен денеси терең күйгөндүгүнө байланыштуу өтө көп дары керек болууда", - деди ал.

Ошондой эле Таалайбекова күйөөсү дале эсине келе элек экенин, уктай албай, уктаса катуу чочуп ойгонуп, кан басымы көтөрүлүп жатканын кошумчалады.

"Учурда дарыгерлер күйүктөн кийинки биринчи дарылоо процессин гана жасап жатышат, Исфандияр нес абалдан чыгып, дем алуусу жакшыргандан кийин операция жасалышы керек экен. Бирок ага чейин дагы көп аракеттер көрүлүшү керек. Ооруканага келгенибизге 15 күндөй болуп калды, тууган, тааныштарыбыз жардам берди. Ошолордун жардамы менен ушуга чейинки дарыларын алып жатканбыз, эми жолдошумдун айыгып кетиши үчүн элден жардам суроого мажбур болдук. Экөөбүздүн 3 балабыз бар, аларды чоң ата, чоң энеси карап жатат. Мен күйөөмдүн жанында, өзүм да күнү-түнү уктай элекмин", - деди Элдана Таалайбекова.

Ал белгилегендей, паяльниктин жарылып кетүүсүнө аны көп үйлөтүп койгону себеп болушу мүмкүн. Исфандияр Бабашовго жардам берүүнү каалагандар агасы Бабашов Искендер Байышовичке байланышса болот. Элсом номери: 0708 26 64 80.

Исфандияр Бабашовдун жубайы Элдана Таалайбекованын байланыш номери: 0702 59 45 14.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(23)
06.06.2018. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Аллах шыпаа берсин ,батырак сакайып, балдарындын бактысына уй-булон менен бирге бол.
06.06.2018. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эх жаман-куйук алыптыр(
06.06.2018. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Аллахым шыпаасын берип айыгып кетсин жаман иш болуптур.
06.06.2018. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Мумкунчулугу барлар жардам берип койбойсунарбы??? Келинчегинин телефону турат,жаман кыйналып жатат окшойт.
06.06.2018. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Ушундай оор жаракат алгандарды Бекер эле даарылашса больойбу???
07.06.2018. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Nanei,врачтар именно ушундай аламды кутуп олтурат сага эмне алар айлыкты кутот дейсинби
07.06.2018. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Muratmipa,мен врачтарды айтпайм,окмот акча болсо ушундай кырсык болуп калс,Кудай сактасын дечи,акча издетип шорлотпой ошол акчадан болунуп берет эле да,ансыз деле музейге таяктарды 600еврого сатып алышып жатышат.
06.06.2018. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллахым шыпаасын берсин, балдары үчүн күчтүү турса экен, Кудайым, айыгып кетсин
06.06.2018. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Москвада тааныштары жок бекен Сбербанктан эле которуп коймокпуз.Кечээ супер инфодогу келинге акча которо албай танышым а акча салсам ал Кыргызстандан которушту билбей жатышат.Анын устунон мекендештерим кобу Москвада го бул эми жеке оюм да.
06.06.2018. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
kyrgyzstan00,россияда кивиден элсомго которуу ынгайлуу экен. мен ошентип эле которуп атам.
07.06.2018. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aiza16,кантип которуп жатасыз бизге да айтып коюңузчу сураныч
07.06.2018. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzstan00,эже , сизге купуя жазсам, жооп жазбадыңыз. Мен фонддун акчасынан котордум."Кокус, сиз да кошулат белеңиз" деп купуяңызга номеримди калтырдым эле.
06.06.2018. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Балдарынын бактысына куландан соо болуп айыгып кетсин.Депутаттын туугандары чучкуруп калса санавиация менен борборго алдырып даарылатышат.Ал эми карапайым калк олум алдында жатса да олчойгон жол кире толоп, силкилдетип машинада алып жоношот.Акыйкаттык кайда пайда батасы жок депутаттарды чиновниктерди багып журо беребизби .
06.06.2018. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эххх,кырсык каш кабактын ортосунда
06.06.2018. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Келгиле биртуган мусурман кыргыз элим жардам берели алла разычылыгы учун. 50 100 200 сомбу колдон келишинче жардам берели.элсом шоотундагы номерге акча салайлы.
06.06.2018. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Келгиле чогулуп дуа кылгыла окуп аткандар дуанын таасири кучтуу ошого ишенелик.
06.06.2018. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
100мин стул алгандар онбогурлар мамлекеттин бюджетинде ошон учун аз болуп атат акча ушундай жардамга муктаж оорулууларга жетпей
06.06.2018. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай ой шыпаа берегор пендене.
07.06.2018. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кытайдан келген паяльный лампаны иштетпей эле койгон жакшы. Негизи темири жука болот. Биздикилер билбей давлениясын коп кылып желдешип алат анан жарылат. Россияныкы эн жакшы.
07.06.2018. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах шыпаасын берсин,балдарынын бактына айыгып кетсин.
07.06.2018. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чондорду карап отурбай колдон келгенин берели орозонун айы эмеспи битирди деле ушул окшогон зарыл адамдарга которуп койсок сообу тийет киши башына 30 же 50сомдон,,колунардан келгенин берсенер коп тукурсо кол болот сакайып кетсин ылайым..
07.06.2018. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым шыпаасын берсин сизге ылайым
07.06.2018. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооруган адамга караганда ооруну баккан көбүрөөк азап чегет. Жубайына саыр өзүнө шыпаа берсин жаратканым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: