super.kg logo

Чүй ОИИББине жаңы жетекчилер дайындалды

 

Чүй ОИИББине жаңы жетекчилер тааныштырылды. Бул тууралуу аталган минстрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы жетекчилер ИИМдин буйругу менен дайындалган.

Алар Бактыбек Нарчаев жана Айбек Ажыбаев Чүй облусунун ИИББинин жетекчилигинин орун басарлары болуп дайындалды. Ал эми Чүй ОИИББинин криминалдык милиция кызматынын жетекчилигине Айбек Осмоналиев келди.

ИИМдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков жаңы жетекчилерди кызматкерлерге тааныштырып жатып, элдин ишенимин кайра артка кайтаруу керектигин баса белгиледи.

"Жайыл РИИБиндеги каргашалуу окуяга баарыбыз күбө болдук. Тилекке каршы, келечеги али алдыда болгон жаш кыз каза болуп калды. Бул бизге сабак болушу керек. Эми элдин ишеничин кайтаруу үчүн сиздер менен биргеликте оперативдик кызматта жаңы ыкмаларды иштеп чыгышыбыз керек. Биздин башкы максатыбыз - кыргыз жарандарына коопсуздугун коргоп аларга тынччылык орнотуу", - деди ИИМдин биринчи орун басары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: