super.kg logo

Рыскелди Момбеков КТРКнын байкоочу кеңешине: "Алкышыңардан да каргышыңар калың экен"

 

Депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин жыйынында КТРКнын байкоочу кеңешинин отчётуна каршы чыгып, сынга алды. Анын айтымында, байкоочу кеңеш өз максатына жеткен жок.

"Байкоочу кеңеш үлгү боло алган жоксуңар. Отчётуңардын үчтөн бир бөлүгү өзүңөрдүн өмүр баяныңар, бир бөлүгү Илим Карыпбековдун иштери экен. Калганы Шестаков түз эфирге чыкты, Айбек Карымов түз эфирге чыкты деген сөздөр. Ушул дагы отчётпу? Бир жылда 60 арыз түшүптүр. Демек, элдин ишеними арбын. Бирок алкышыңардан да каргышыңар калың экен. Силер Илим Карыпбековдун эмес, Карыпбеков силердин ишиңерди көзөмөлдөп жатыптыр. Ошондуктан мен силердин отчётуңарга каршы добуш берем. Коомдун баасы ушундай", - деди Момбеков.

Депутат Камчыбек Жолдошбаев КТРК жетекчиси Илим Карыпбековго ордун бошотуп кетүүнү сунуштады. "Бул силердин кара жашыгыңар эмес. Кетип калсаңар жакшы эле болот", - деди Жолдошбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
06.06.2018. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Рыскелди аганын принципиалдуу жолу жок. Али туруп КСДПнын короосун таштан тазалайт, али туруп кайра боктойт. Атамбаев Текебаевди айткандай талтайып эле турганы турган
06.06.2018. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жапаровдун соту эмне болду
06.06.2018. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Момбеков акыркы убакта кучоду,баарын бетине айтып,элдин оюндагы коп суроолорду айтып чыгып жатат.Тымпыйып оозун ачпаган депутаттардан эки эсе тузук
06.06.2018. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Башкасы суйлосо да Жолдошбаев суйлобой эле койсунчу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: