super.kg logo

Жогорку Кеңеш КТРКнын байкоочу кеңешинин отчётун эске алуу боюнча токтом кабыл алды

 

Бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында КТРКнын 2017-жылдагы иши жөнүндө каналдын байкоочу кеңешинин отчёту каралды. Жыйынга КТРК жетекчиси Илим Карыпбеков менен анын байкоочу кеӊешинин мүчөлөрүнөн тышкары мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Байкоочу кеӊешинин төрагасы Жыпар Жекшеевдин маалыматы боюнча, мыйзам талабына ылайык байкоочу кеӊеш жыл ичинде 4 жолу жыйын өткөрүүгө тийиш, бирок айрым бир муктаждыктарга байланыштуу 2017-жылы 13 кезектеги жана кезексиз жыйын өткөрүүгө туура келгенин белгиледи.

Суроо-жооп маалында КТРКнын директору Карыпбеков депутат Умбеталы Кыдыралиевдин суроосуна жооп берип жатып, КТРК жөнүндө мыйзам чийки экенин, анда КТРКнын көз карандысыз иш алып баруу маселесин киргизүү зарылдыгын айтты. Ошондой эле бир катар эл өкүлдөрү тарабынан Өзбекстан менен чектеш бир топ айылдарда КТРК тартпай жатканы көтөрүлдү. Буга сигнал берүүчү мамлекеттик мекемелер жооптуу экени белгилүү болду. Депутат Калдарбек Баймуратов региондордо кайракы жерлерди сугатка айлантуу сыяктуу бир топ алгылыктуу иштер жүрүп жатканын белгилеп: "Тилекке каршы, мындай саамалыктар коомдук каналда чагылдырылбай калып жатат", - дейт.

Талкуунун жүрүшүндө балдарды, жаштарды туура жолго салуу багытына каршы келген мультфильмдер менен кинотасмаларга жол бербөө боюнча сунуш-пикирлер айтылды. Ошону менен катар коомдук телеканалда кеткен материалдарда кыргыз тилинин туура сүйлөнүшүнө, колдонулушуна көңүл буруу зарылдыгы белгиленди. Мындан сырткары КТРКга бөлүнгөн каражатка Эсептөө палатасы талдоо жүргүзүлүшү керектиги боюнча сунуш берилди.

Жыйынтыгында депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди камтуу менен КТРКнын 2017-жылдагы иши жөнүндө байкоочу кеңештин отчётун эске алуу боюнча Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды. Токтом долбоорун жалпы 75 депутат колдосо, 10 депутат каршы добуш берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.06.2018. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кечирим сурайм.

Садыр Жапаровдун соту эмне болду??????

Эмне маалымат берилбей жатат????
08.06.2018. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: