super.kg logo

Дарыгер: "Өгөй атасы тарабынан аёосуз сабалган балдардын апасы кош бойлуу"

 

Өгөй атасы тарабынан аёосуз сабалган балдардын апасы кош бойлуу, ал кош бойлуулуктун 7-аптасында. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Сокулук аймактык ооруканасынын башчысынын орун басары Эркинбек Осмоналиев билдирди.

Дарыгер билдиргендей, сабалган 2 баланын баш мээси чайкалып, бутунан башына чейин денесинен жаракаттарды алышкан.

"Балдарды өгөй атасы аёосуз сабаган. Өзгөчө 2 жаштагы наристе көбүрөөк жабыркагандыктан абалы оор. Денесинин баары көк-ала. Аны дубалга сүздүргөндүктөн баш мээсине доо кеткен. Рентгенге тартып, невропатологго көрсөттүк. Балдарды өз убагында дарылабасак, зомбулук көргөн бөбөктөр кийин психикалык жактан жабыркап калышы мүмкүн. Ошондуктан алар дайым психолог менен дарыгерлердин көзөмөлүндө болуусу зарыл", - деди Осмоналиев.

Эске салсак, 4-июнда саат 21:00 чамасында Сокулук райондук ооруканасына 2 жана 5 жаштагы эки бала денесиндеги ар кандай жаракаттары менен түшкөнү кабарланган. Кийин аялын жана балдарын сабаган делген 36 жаштагы адамга карата кылмыш иши козголуп, ал Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Балдардын апасынын SUPER.KG'ге берген билдирүүсүн бул шилтемеден окуңуз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
06.06.2018. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мына ушундай балдар кийин серийный убийца болуп чыгат. Убагында жардам корсотпосо
06.06.2018. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушуга окшогондордун айбандардын колун кесиш керек башкаларга сабак болот.2 3оонун колун онлайн корсотуп кесишкерек.болбосо мындайлар токтобойт
06.06.2018. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ииий азыр өзүнүн баласын карашпай жатат эркектер анан бирөөнүн баласын кайдан карамак эле, эрсиреп калсаңар да балдарынар менен экинчи эрге тийбей эле койгулачы аялдар. Андан көрө иштеп бутунарга тургулачы
06.06.2018. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Колуңа ХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-07 11:19:53
06.06.2018. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жырткыч айбан.Баладан айланып кеткир
07.06.2018. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол балдардын апасында деле куноо бар да.Эки бала менен тийип токмогун жеп,балдарды да келтек жедирип ещё озу да кош бойлуу.
07.06.2018. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2 баладан бир зоокур эр артык болдубу?Тоба кылдым, бироонун жашоосун талкуулагым келбейт.Бирок балдарга боорум ооруйт да.Бир зоокурго балдарын кор кылган ушул балдардын атасы ушул жанылыкты окуду бекен.Тоба...
07.06.2018. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш балдарын бар туруп балээ барбы башка эрге тийип .Дагы кош бойлуу имиш .Балдар дын убалына калып кобойто бербей ,ошол эки баланы асырап ал
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: