super.kg logo

Садыр Жапаровдун соту 13-июнда улана турган болду. 4 жактоочу Жапаров ак экенин айтты

 

6-июнда абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун соттук иши каралды. Анда анын 4 жактоочусу сөз сүйлөдү.

Жактоочу Акин ТокталиевЖактоочу Акин Токталиевдин айтуусуна караганда, Жапаровду камоо саясий буйрук болгон.

"2017-жылы Жапаровдун Кыргыз өлкөсүнө келери маалым болгондон кийин мен УКМКга кайрылып, "25-мартта сотко өзүбүз келебиз" деп мен күн мурунтан кат аркылуу кайрылганмын. Андан кийин "9-мартта УКМКга Садыр Жапаров өзү келет, провокацияга түшүп калбайлы, эгер провокация болсо, силер жооп бересиңер" деп кайрылганмын. Андан кийин Садыр Жапаров "өлкөгө келем" деп интернетке жарыялаган.

Ал келгенде баарыбыз тосуп алууга барып, Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Жолдон" тостук. Бирок аны түз эле УКМКга алып кетишти. Жапаров "мен акмын, мыйзам алдында тазамын, кааласа өлтүрүп койсун, кааласа камап койсун" деп айткан. Аны колдоо митингинде ондогон адамды кармашты. Кийин баласын, бир тууганын, 8 жакынын кармашты. Операция болуп келген инисин камап койгондо "мунун ден соолугу начар, өлүп калса силер жооп бересиңерби" десем, кийин документтерин текшерип коё беришкен. Мен жактоочу болгондон уялып калдым, анткени бизде баш аламан, адилеттүүлүк жок", - деди сотто Токталиев.

Жактоочу Замирбек БазарбековАндан кийин жактоочу Замирбек Базарбеков сөз сүйлөдү. "Садыр Жапаров ак экени белгилүү болсо да, буга чейинки соттук инстанцияларда Жапаровдун кылмыш ишине туура эмес чечим чыгарышты. Буга чейин кыйноо менен Жапаровго каршы көрсөтмө берген Калчаев, Маликов, Жумабаев жана башкалар массалык маалымат каражаттары аркылуу кыйноого алынып көрсөтмө бергенин ачык эле айтып чыгышты.

Жабырлануучу Эмилбек Каптагаев "эч кандай дооматым жок, актагыла" деп көрсөтмө берип келе жатат. Бирок ага карабастан Каптагаевге "жабырлануучусуң" деп ишти тагып келишүүдө. Жабырлануучунун, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө соттор тарабынан юридикалык баа берилген эмес. Учурда элдин Жогорку Сотко болгон ишеними чоң. Соттордон адилеттүү чечим чыгарына ишенем", - деди Базарбеков.

Жактоочу Токтобек Раимкул уулу Садыр Жапаровго кылмыш иши Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу жөнүндө болуп жатканын, бирок Каптагаевди барымтага алгандардын тизмесинде Жапаровдун аты аталбаганын айтты.

"Чет мамлекетке чыгып кеткен Жапаров Саруу окуясын кантип көзөмөлгө алмак? Ал эми Каптагаевди барымтага алгандардын тизмесинде Жапаровдун аты аталган жок. Барымтага алгандардын койгон талабы менен Жапаровдун байланышы жок. Ал окуяда 5 милиция кызматкери ар кандай жаракат алганы айтылат, бирок буга Жапаровдун тиешеси бар экени далил менен көрсөтүлгөн эмес. Башкача айтканда, Жапаров чет мамлекетте жүрсө, бул жакта болгон окуялар тууралуу ага козголгон беренелер туура эмес болгон.

Сот иши Эмилбек Каптагаевдин арызынын негизинде козголгон эмес. Райондук сотто Жумабаев менен Жапаровдун телефон аркылуу байланышканы да далилденген эмес. Каптагаев Биринчи Май райондук сотунда "Жапаровго эч кандай доом жок, мени барымтага алган эмес" деп жатса да мындай чечимдер мыйзамсыз жана негизсиз болгон", - деди Раимкул уулу.

Төртүнчү жактоочу Эрнис Исаев Эмилбек Каптагаевдин барымтага алынганы чын экенин айтты. "Бирок ошол Саруу окуясына Жапаровдун тиешеси бар экени далилденген жок. Жапаровдун күнөөсү мекенчилдигинде, бийликтегилердин бетине чындыкты айтканында.

2017-жылы Жапаров Казакстан аркылуу чек арадан өткөнгө чейин ал издөөдө экенин эч ким билген эмес. Ал "Кумтөр" маселесин көтөрөм деп келген. Алтын менен кошо чыккан күмүш, платина жана башка эсеби жок кен байлыктын маселелерин көтөрөм деп келген. Садыр Жапаров абакта өзүнүн колун, моюнун кескен эмес, бийлик ошол жерде өлтүрө албай коюшкан. 1-абакта аны өлтүрүү үчүн 3 жолу камера котортуп, 1-2-камерада өлтүрө албай койду. 3-камерада анан өлтүрүүгө аракет кылышты. Бактысы бар экен, Садыр Жапаров аман калды. Атасы былтыр абакты айланып жүрүп Садырды көрө албай дүйнөдөн кайтты. Апасы да "баламды көрө алат бекенмин" деп абакты айланып жүрөт, буларды да эске алалы", - деп Исаев судьяларга кайрылды.

Соттук коллегия сот 13-июнда саат 15:00дө улана турганын айтты. Анда дагы 2 жактоочу сөз сүйлөмөкчү.

УКМКнын алдында С.Жапаровду колдоо митинги (25-март, 2017-жыл)Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(21)
06.06.2018. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Соттор ХХХХХХХХ акташ керек болчу. Ушундай кыпынчалык да куноосу жок болсо сотторго ХХХХХХХХ Бир кун келет, ал убакта кеч болуп калат. Ким ак ким ЖЕГИЧ ошондо билинет. ХХХХХХХХХ ушунчалык кыргызстанды сызга батырды, абактагыларды эркиндикке чыгарып, күнөөсүздөрдү абакка сайды. Алаң менен сайыласын бир күн урматтуу соттор, ХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-07 11:17:53
07.06.2018. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kol88, коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат! 3 күн БАНга!
06.06.2018. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ушунчалык куттум эле угун Жапаров акталат деп. Бирок кайра эле баякы корунуш, жылымыш. Деги эле кимден коркосунар соттор алкаштанбы, же сокененби же ыйманы жок бийликтенби. Сапар эми турмодо чирисин буга жарашат. Себеби жегенин гооршокко куссун. Элдин ырыскысын жегендерге наалат. Жаш болуп туруп ушунчалык жесе анда 60 ка чыкса кыргызстандын баарын жейт. Козунорду май басса, эртен бир кун келет ошондо козунордон жаш эмес кан, кан эмес келбеген жан чыгат. Силердин ар бир кылыгынар жазылып турат.
06.06.2018. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Бийлик учун ак нерсени каралап
Мансап учун жакынын да жазалап
Акыр аяк чындык келет жашоодо
Сабыр кылсак Жапаров да акталат.
06.06.2018. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туура айтасың 88
06.06.2018. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Башка темага оюбузду айта кетели. Атамбаев менин коммандама коррупция шылтоосу менен саясий кысым болуп атат деген билдируу менен чыкты. Ото кыжырды келтирген билдируу экен, Жээнбеков асмандан алып жоопко тартам деген жокда фактылар бар, мекенибизге миллиардаган карыздар жазылып бирок жылыш болгон эмес, мамлекет учун эмес жеке кызыкчылыктар учун келишимдерге баргандар Исаков Сатыбалдиевдер ж.б камалсада аздык кылат, Атамбаев ушинтип суйлогондон уялса болмок, бул кишини биринчи жоопко тартыш кере
06.06.2018. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жапаров акталсын, сотторго ыйман тилейли.
06.06.2018. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ээй уяты жок соттор Жапаровду дагы создуңарбы Уялбайсыңарбы алган айлыгыңарды алалдап жегиле Силер элдин ишеничинен чыктыңар ХХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-07 11:14:52
06.06.2018. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чындык мн мыйзам ыйлап турган заманда жашап жатканыбыз окундурот
06.06.2018. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соттор силерге мин наалат, элдин каргышынан корккула...
06.06.2018. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
13-июнь качан келет батыраак чыкса экен
06.06.2018. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бети жоктор кантип кучундо калтырышы тапбай атат
06.06.2018. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жапаров менен Текебаевден Соке да коркуп жатат өңдөнөт. Болбосо саясий өңүттө камалгандарды президенттик ишти баштаган күндүн эртеси боштондукка чыгарса болмок! Элдин алкышын алмак ашага окшоп каргышка калбай.
06.06.2018. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бекешев деген жепутатка тушунбойсун кантип эле СДПКачыларга саясый куугунтук болуп атсын.Коруппцияга малынгандарды чекеден камасын
06.06.2018. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жээнбековда кыйрайтпайт окшойтко бул кетишинче калп эле Аша мн урушкан болумуш болуп итерет окшойт
06.06.2018. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сот деле бир топ жашка барып калыптыр алдынкыны ойлобой акыретти ойлоп калган курагы экен тарс турс эле чечим чыгарбайбы
07.06.2018. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ХХХХХХХХХХ Жапаров ак экени кашкайған чындык. Чечим кайра күчүндө кала турган болсо ХХХХХХХХ АДИЛЕТтүү болгула!!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-07 09:53:31
07.06.2018. 07:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Сапар сени колдойбуз. Молодец. Жээнбековдун куйруктарына соз жок.
07.06.2018. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кытайга жер беруу келишимине кол койбогонун окуп эрте менен маанай которулуп калды. Жээнбеков молодец!!!
07.06.2018. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоо бумеранк. Адилеттүү болбосоңор эртең өзүңөрдүн башыңарга келет, адилеттүү болгула соттоочулар акыреттеги Аллахтын сотунан корккула. Кече өзүм билем деп бийлигине таянган Сапар бүгүн камакта,
07.06.2018. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшы мындай жакшы кадамдарга олко башчыбыз себепкер болсо керек. Азамат буйруса акталат чыгат Жапаров. Жээнбековтун иштерине ийгилик!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: