super.kg logo

Астротөлгө: 7-июнь күнү шайыр мүнөз адамдар төрөлөбү?

 

Бүгүн таланттуу, кайраттуу, такыр тынчы жок эгиздер төрөлөт. Жогорку интеллекти, калыстыгы менен айрым эгиздерге окшошуп кетет. Эмгектен баар тапкан адамдар деп ушул күнү жарыкка келгендерди айтса болот. Бирок көпчүлүк учурда өздөрүнүн катасын, кемчилигин байкай бербейт. Качан гана жакындары кемчилигин айтканда ойго батып калат.

7-июнь күнү жарыкка келгендер эмоциясы, жылдыздуулугу менен башкаларды азгыра алат. Коом үчүн маанилүү болгон нерселерди сандырак деп кабыл алат. Мындан улам адамдардын көңүлүн сындырып алат.

Аябай сезимтал, жумшак мамилени жактырат. Көңүл ачуу - алардын башкы максаты. Ошондуктан кайсы жерде жүрбөсүн чөйрөсүн шаңга бөлөп, элдин көңүл чордонунда болот. Башкаларды тамашага салуудан ырахат алат.

Өжөрлүгү менен бир айтканын эки кылбай, койгон максатына жетет. Фантазиясы күчтүү болуп, өтө ашыкча кыялданат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.06.2018. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шайырлар туулбай эле бугун менин ажаандай женемдин туулган куну
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: