Эсептөө палатасы: "Борбордук шайлоо комиссиясы 2016-жылы 1 миллион 998 миң сомду негизсиз пайдаланган"
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Борбордук шайлоо комиссиясынын 2016-жылы шайлоо жана референдум өткөрүүдөгү бюджеттик жана атайын каражаттарды пайдалангандыгы боюнча аудит жүргүздү. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын маалымат кызматы SUPER.KG порталына кабарлады.
Маалыматка ылайык, аудиттин жүрүшүндө 1 миллион 998 миң сом мыйзамсыз пайдаланылганы белгилүү болгон. Анын ичинен 653 миң сом эмгек акысына деп негизсиз түрдө берилген, 463 миң сом материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептеп чыгарууда негизсиз пайдаланылган. Бюджетке кошумча каражат катары 217 миң сом, Социалдык фондго 663 миң сом жумшалган.
653 миң сомду БШК убактылуу ишке тартылган адистерге премия катары берген. Алар мекеменин штаттагы кызматкерлери болбогондуктан эч кандай артыкчылыктар каралбашы керектигин аудит белгилеген. Мындан тышкары аудит Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү" мыйзамдын талаптары бузулгандыгын билдирген.
"Мыйзамсыз пайдаланылган акча каражатынын ичинен 888 миң сомду кайра төлөп берүү каралып, ал толугу менен төлөнгөн. Аудиттин жыйынтыгы менен БШКнын жетекчисине бул мыйзам бузуулар менен жакшылап таанышып чыгып, кетирилген кемчиликтерди жоюу, финансылык эреже бузууларга жол берген кызматкерлердин жоопкерчилигин кароо тапшырылды. Аудиттен топтолгон материалдар Жогорку Кеңешке, президенттик аппаратка, Коопсуздук кеңешине жана БШКга жөнөтүлдү", - деп жазылат маалыматта.




1 |