super.kg logo

Өкмөт башчы мамлекеттик ипотеканын жылдык үстөгүн 6 пайызга чейин кыскартууну карап чыгууну тапшырды

 

Мамлекеттик ипотеканын жылдык үстөгүн 6 пайызга чейин кыскартууну карап чыгуу керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 6-июнда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердиги тууралуу кеңешмеде билдирди.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев "Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасынын алкагында турак жай менен 3 миң 118 үй-бүлө камсыздалганын айтты. Ага жалпы 3,43 миллиард сомдон ашуун каражат жумшалган.

"Кыймылсыз мүлк сатып алууга насыя берүү менен катар компания тарабынан Нарын жана Бишкек шаарларында көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жүргүзүлүүдө. Курулушу аяктаган соң батирлерди андан кийинки сатып алуу менен 15 жылга чейинки мөөнөткө узак мөөнөттүү ижарага берүү каралууда", - деди Шамкеев.

Анын айтымында, ипотекалык насыялоонун негизги каржы булагы – өкмөттүн чечими менен берилген 2,8 миллиард сом өлчөмүндөгү бюджеттик ссуда болуп саналат.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жылдык үстөгү 8-10 пайызды түзөт. Көрсөтүлгөн сумма бюджеттик ссуданын 2 пайыз чен менен берилишинен түзүлгөн. Коммерциялык банктардын кызматтары 4, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын операциялык чыгымдары – 2 пайызды түзөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчилиги жана коммерциялык банктар социалдык багытталган долбоорлордон акча таап жатышканына нааразычылык билдирди.

"Биздин жарандарыбыз эмгек акысынын жарымын насыя үчүн берүүгө мажбур болушууда. Алардын басымдуу бөлүгү өздөрүнүн турак жай шарттарын жакшыртуу үчүн карызга акча алып жатышат. Ошол эле учурда бул долбоорду ишке ашырууга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө тийиш жактар киреше тууралуу гана ойлоп отурушат. Буга жол бербешибиз кажет. Биз бюджеттен акчаны коммерциялык банктардын кирешесин өстүрүү жана ипотекалык компаниянын кызматкерлерине эмгек акы төлөө үчүн бөлгөн жокпуз", – деди өкмөт башчы.

Кеңешменин жүрүшүндө Мухаммедкалый Абылгазиев ипотекалык насыялоонун жылдык үстөгүн 6 пайызга чейин кыскартуу маселесин карап чыгууну тапшырды.

"Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасы өз аталышына татыктуу болушу керек. Азыркы шарттар социалдык тармактагы жумушчулардын жана мамлекеттик кызматкерлердин басымдуу бөлүгү үчүн туура келбейт. Ипотекалык насыялоонун шарттарын жакшыртуу - өкмөттүн алдында турган башкы милдеттеринин бири", – деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы калкка ипотекалык программанын шарттары тууралуу маалымдоо жана республика боюнча анын катышуучуларын кеңейтүү иштерин улантууну тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
07.06.2018. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
6 пайызга түшсө жакшы болмок, Дубайда 0,80 пайыздан берет экен ипотеканы.
07.06.2018. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кредит деген балее болду,окмоттун жаштарга кымындай поддержкасы жок,суйунчу пул ду да эптеп септеп шылтоо айтып берьегендин аракетин кылышат.
07.06.2018. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамлекеттик ипотеканы кантип алса болот кимдерге берилет жана кайсы жерлерде берилип жатат толук жазгылачы супер инфо
07.06.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекетте иштегендерге гана берилет экен а жеке ишкерлерге эмнеге берилбейт жеке ишкерлер деле салык толошотко бергиле бизге деле
07.06.2018. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо сиздерден сураныч ушул мамлекеттик ипотеканы кантип алсак болот? Кандай адам ала алат (бизнеси бар, пенсионер, мамлекеттик иште иштеген ж.б) ошол берилген жерде туруктуу жашаган. Толук жаза кетсеңер жакшы болот эле
07.06.2018. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ermekbai, ушул жактан маалымат алганмын мен https://www.super.kg/article/show/38971?searchtext=ипотека
07.06.2018. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
http,рахмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: