super.kg logo

Бишкекте кайрадан кыз ала качуу аракети болду

 

Бишкекте кечээ, 6-июнда кыз ала качуу аракети катталды. Бул тууралуу интернетке Толкун Кызаева аттуу жаран жазып чыкты.

Маалыматка караганда, окуя кечки саат 19:00 чамасында Чүй көчөсүндө жайгашкан Туризм академиясынын жанында катталганы жазылат. Анда топтошкон балдар күч колдонуу менен бир кызды унаага салып, ала качууга аракет кылышкан.

Бул окуя боюнча милицияга кабар берилген. Ала качуу фактысы катталганын Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматкери Адыл Оморов тастыктады.

"Маалымат бизге 19:30да келип түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, териштирүү иштерин жүргүздү. Мындан улам Кылмыш-жаза кодексинин 28-155-беренесине (аялды никеге турууга мажбурлоо, никеге туруу үчүн аны ала качуу же анын никеге турушуна тоскоолдук кылуу) ылайык кылмыш иши козголду. Кызды ала качууга шектелип 21 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну К.А. жана 28 жаштагы К.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деди Адыл Оморов.

6-июнда Бишкек шаарынын борбордук аянтында миңден ашык адамдын катышуусу менен "Биз, жаштар – кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршыбыз" деген аталышта флешмоб болуп өткөн.
Эске салсак, 20 жаштагы Бурулайды ала качып бара жаткан киши аны милициянын бөлүмүндө өлтүргөнү коомдо чоң талкууга алынып, милициянын шалаакылыгына нааразы болгондор көбөйгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
07.06.2018. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тааныбаган кызды ала качуу туура эмес дер ойлойм. Тааныштарымдын кызын омуру корбогон эле бала ала качып кетип 6ай аран жашашты. Жон эле кыздын тагдырын бузуп салды.
07.06.2018. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыздардын озунон коп нерсе коз каранды. Озуно бекем туруш керек. Анан динде мындай экен, салтта мындай экен деп коз жумуп отура бербей. Болбосо жапайча ой жугуткон адамдар силерге эч бир бакыт алып келип бербей. Озунорго бекем болгула.
07.06.2018. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ала качыш керек бирок культурно болбосо кыздардын кобу кара далы болуп кетпейби...ха ха шутка...
07.06.2018. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ала качуу бул салт эмес, бул -Кылмыш!!!!
Конулу жок адам менен жашамак тургай, жанында жарым мунот тургун жок го!! Анан кантип омурун ошого байлаш керек. Кыздар, тың болгула, ата -энелер да элдин созуно караганда, кызынын келечегин ойлоп ойдороок койсо! Эч ким мажбурлоого акысы жок! Кыз оз каалоосу менен турмуш курушу керек! Балдары да, ата-энесинин жанжалын эмес, мээримин коруп мандайында чоноюшу зарыл!!!
07.06.2018. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aselim,кыздар мин тын болгону менен, бул нерсе кыздан кощ каранды эмесда. Каныбызга синип калган бул нерсе, б.а.кыздарды зордоп эле куйоого беруу. Бул нерсени калтыруу учун айылга барып ар бир уйго кирип бирме-бир тушундуруп чыгышка туура келет чон эне, апа, таеже, эжелерибизге. Арканды узуун таштап ойлоп корсом мындайды калтыруу ото кыйын. Себеби мени деле зордоп эле беришкен, уйдон чыгып кет ошого тийбесен деп журушуп. Карангы дейн десем уйдо баары жогорку билимдуу.
07.06.2018. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Салты коптун санаасы коп дегендей. Эски салттардан арылыш керек. Эски салттар азыркы замандын ой жугуртуусуно да туура келбейт.
07.06.2018. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бизде кычап калат күндө айтып жатпайбы камаласың камаласың деп
07.06.2018. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыздын эркине каршы зордоп же бир эле көрүп ала качуу туура эмес андайлардын жазасын катуу берүү керек. Бир кыздын тилин таба албаган эркек ошентип ала качат. Алганга чейин тилин таппаган андан кийин да тилин таба албайт. Ала качуу салтыбызда болгон аны чана албайбыз. Эгер кызды зордоп ала качкан болсо өлүм жазасына чейин берилген. Кыз менен жигиттин көңүлү болуп бирок ата-энеси каршы болсо ала качкан. Мындай учурду "Сынган кылыч" романында да кезиктирсек болот.
07.06.2018. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айлда жургон тартынып суйлобогон балдар айла жок ала качат да
07.06.2018. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tynchy,эми аракет кыла башташса керек досторуна ишенбей.
07.06.2018. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына сага тамаша ха ха, биздин элди токтото албайсын, синишип калган биздин элге
07.06.2018. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Кыздар эрте турмуш курууга каршыбыздеп чыкты дейби жашмын жашмын деп жургондор азыр 24,25жаш болуп эр таппай жургондор канча озунорчоле ашпыз дейсинерда 20жаш уже турмушка даяр элего
07.06.2018. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыз ала качуунун жаман да жакшы да жактары бар.Жаман жагы кыздын эркине каршы күч колдонуп ала качып турмуш курушса ал нике узак болбой калышы да толук мүмкүн.Жакшы жагы ;Мисалы кыз мн жигит бири бирин жактырат азыркылардай"свадьба"кылганга чөнтөк жука болсо кыздын макулдугу мн ала качты кылып үйлөнүп бактылуу жашагандар да бар.Бир жолу эле ала качууга бөгөт коюп койсо болбой калса кк.Кыз ала качууга закон бар экен,эмне үчүн бузукулук сойкулук кылгандарга закон жок.Мен ушуга таңмын да.
07.06.2018. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз менен суйлошуп алып ала качып уйлонуп жашап жаткандар толтура. Кыздын макулдугу болбосо, кучко салып ала качса албетте кылмыш болот да.
Кыз менен жигит копко суйлошуп, анан кыз ата-энесине турмушка чыккантам деп айта албай, ала качканда билет да деп макулдугун берип, жигит спокойно эле машинесине салып алып качып,артынан ата-энеси барып кудаа тушуп эле жашагандар чекеден чыгат.Анан оозу-мурдун басып, суйроп алып качкан туура эмес. Ала качуунун да тартиби,жолу болот да.
07.06.2018. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындан 10 жыл мурда мен деле курбумдун ала качуусуна катышкам, жигити экоо суйлошуп, анан кечинде кафеден ары эле алып кеткен уйуно, Жолдо баратып, ай Гуля, анан женемдер жоолук салганы киргенде кичине каршылык корсотуп кой ээ деп жигити суранган :-) Кыз макул деп барып, женелери жоолук алып кирсе, жон эле койбодунар да деп колунан жулуп алып,озу эле салынып алган болчу :-) Кийин жигити, Гуля жок дегенде, жоок отурбайм деп койбодун да десе, унутуп калыптырмын дейт. Азыркыча кулобуз эстеп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: