СУПЕРСТАН: "Атамды өлтүрө сабап салгым келет..."
SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Атамды өлгөнчө сабап салгым келет" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Саламатсыздарбы? Мага психологдун кеңеши керек десем, досум ушул жакка жаз деди. Кыскасы, мен бала кезде атамдын ити чөп жеп, бир ишкананы иштетчү, акчасы көп эле. Элдин баары кошомат кылчу. Ал кездерде дардаңдап эч нерсе көзүнө көрүнбөй, достору менен ичип көчөдө эле жүргөн күндөрү болгон. Апам беш баласын багып үйдө отурат. Ар ким менен жүрүп анан үйгө келип, апамды, эмнеге сен Айнаштай эмессиң, эмнеге тигиндей эмессиң деп көп салыштырчу. Анысы аз келгенсип мас болгондо баарыбызды чыркыратып сабайт... Тарбиялайм деп кадимкидей башыбызга, көздөрүбүзгө койгулап, ачуусун бизден чыгарчу. Бирөөбүздүн мурдубуз канаса, башкабыздын дагы бир жери көгөрүп, кыскасы, кичинекей бөбөктөрүм коркконунан ыйлашчу. Карындаштарымды чачынан жулуп дубалды сүздүрчү. Апамды болсо киши катары көрбөйт, көзү дайыма көк ала болуп жүрчү... Акыры чыдабай апам акча чогултуп, бизди алып Бишкекке качып кетти. Аябай кыйналып жашадык. Апам жумуш таппай, ачка болуп, базардан калган жемиштерди жеген күндөр болгон...
Атам акыры шаарга да таап келген. Он беш жылдан бери эч нерсе кылбай үйдө жатат. Мен 25 жашка чыктым. Кээде баса албай жумуштан чарчап келсем атам наалып, болбогон нерселерди сүйлөйт. Анан кээде апама асылганда барып туруп өлгөнчө сабап салгым келет. Бир күнү ошентип саламбы деп коркуп жүрөм...", - деген билдирүүсүн калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
- "Окуп алып жүрөгүм ооруп чыкты... Мындай адамдар оңолбойт. Жатып ичкен жан багарды үйдөн кууп сал ары, ошол "Айнаштары" менен жашай берсин!"
- "Автор сабырдуу бол. Атанын ушул сапаты балдары үчүн эң жаман көрүнүш. Же үйдөн кабар же Чүйдөн кабар жок. Силер 25ке чыгып калсаңар, ини-карындаштарың бойго жетип калса, атаңардын бул кылыгы жийиркеничтүү. Соо маалында ачык сүйлөш, сен деле үйлөнө турган убакка келип калган турбайсыңбы. Эскертүү! Өлтүрүп коём деген ойдон алыс бол. Инилериң менен эптеп бутка туруп алсаңар, баары жакшы болот".
- "Кээ бир жактары маркум атама окшош экен, бирок биздин атабыз эрте эле токтолгон. Өмүрүндө мага бир жолу колу тийген. Сизге сабыр тилейм, автор, ушунчалык кыйын абалда экенсиз. Атаңызды чыгарып салыңыз, себеби бир атаңызды деп бүтүндөй үй-бүлөнүн шорун катырып жатасыз. Сиз улуусу экенсиз, бир туугандарыңызды жана апаңызды коргошуңуз керек".
- "Автор, сабырдуу бол, жазалагың келсе атаңарды таштап салгыла, карабай койгула, аны багууга сен милдеттүү эмессиң. Атаң качан алдан тайып, карылыкка моюн сунганда сен перзенттик милдетим деп карашың керек. Азыр болсо өзүн-өзү баксын сураганда акча бербей кой, көңүлүн оорутуп таарынычыңды билдиргиң келсе, сөзүн укпай өз билгениңди жаса. Атаңа кол көтөрбө, жакшы ой эмес... Атаңарды жөн эле өзүнчө таштап койгула. Оомат келгенде көөп кетип, көтөрө албаганы үчүн силер күнөөлүү эмессиңер да, ага өзү күнөөлүү".
- "Үйдөн кууп чыккыла дегендерге кошула албайм. Кантсе да ал атасы. Баарын жеңүүгө убакыт гана керек. Убакыттын өтүшү менен атасы да оңолор. Сабырдуу болгула"
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.








1 |