super.kg logo

"Милиция үйүңө ууру кириптир деп чакыртып алып, үйүмө тинтүү жүргүздү" дейт Хизбут-Тахрир уюмуна тиешеси бар деп шектелип кармалган аял

 

7-июнда Оролбаевдердин үй-бүлөсү ИИМдин 10-бөлүмүнүн кызматкерлерине арызданып маалымат жыйын уюштурушту. Айтымдарында, алардын кызы Аптоокан Оролбаеванын үйүн милиция кызматкерлери негизсиз текшерген жана далили жок эле аны Хизбут-Тахрир уюмуна тиешеси бар деп жатышат.

Аптоокан Оролбаева китептер ага тиешеси жок экенин, андан коркутуу жолу менен көрсөтмө алышканын айтат.

"Талаада иштеп жүрсөм, аймактык тескөөчү "Үйүңө ууру кириптир, кел" деди. Келсем эле милициянын 10 кызматкери мени курчап алышты. Эшикти ачып бергенимде үйдүн ичинен 2 дептер менен дагы кагаздарды алып чыгып, "бул меники" деп кол кой деп коркутушту. Эмнеге кол койгонумду деле билбейм, болгону менин китептерим деген жазууну гана көрдүм", - дейт жабырлануучу Аптоокан Оролбаева.

Ал эми атасы Дүйшөнбек Оролбаев милиция кызматкерлери кызын кемсинткенин жана кызынын үйүн текшерерде эмне үчүн тинтүү жүргүзүлөрүн түшүндүрүшкөн эмес дейт.

"Иштеп жаткан жеринен "үйүңө ууру келди" деп алдап чакырып, 10 милиция кызматкери үйдү текшерүүгө алган. Эмне үчүн текшерип жатканын да айткан эмес. Силердин аты-жөнүңөрдү билели, өзүңөрдү тааныштыргыла десе "тааныштырдым, эми сага аялымдын да атын айтайынбы" дептир. Кызым ооруп үч күн ооруканага жатып калган. Анан муну террористсиң, хизбутсуң дешкен", - дейт Оролбаев.

Апасы Төркүнбү Оролбаева кызы Аптоокан ооруканадан дарыланып чыкканын айтат.

"Неврологияга алып бардык, ал жерден психологиялык бөлүмгө алып баргыла деди, психолог "мээси жабыркап калыптыр" деди. Үч күн дарыланып араң эсине келди. Аптоокан үч баласын өзү карайт. Эгер буга бир нерсе болуп калса, балдарын ким карайт?", - деди апасы.

Эжеси Турдукан Оролбаева үй-бүлөсү менен коркуп калганын айтат.

"Биз бир нерсе деп айтуудан коркобуз, сүйлөгөндөн да коркуп калдык. Аптоокан үйдөн деле эки жакка чыкпайт, анан бул кыздан кантип андай кагаздар чыксын", - дейт Турдукан Оролбаева.

Ал эми ИИМдин басма сөз катчысы Карима Аманкулова бул окуя боюнча кылмыш иши козголгонун айтат.

"19-майда Бишкек шаарындагы Алтын-Ордо жаңы конушунда 35 жаштагы Аптоокан Оролбаеванын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Натыйжада тыюу салынган 5 диний китеп табылган. Алар Хизбут-Тахрир-аль-Ислами, Ислам мамлекети жана дептерге колго жазылган Халифат мамлекетинин калыптануусу боюнча китептери, ошондой эле 2 журнал жана 2 блокнот алынган. Ошол эле күнү бул материалдар Биринчи Май районунун кылмыштарды каттоо китепчесине катталган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, 6-июнда табылган диний китептер тыюу салынган Хизбут-Тахрир-аль-Ислами диний уюмуна таандык экени аныкталган. Мындан улам бул факт боюнча 299-2-берене (улуттук, расалык, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу иштерин уюштуруу) менен кылмыш иши козголду", - дейт Карима Аманкулова.

Айта кетсек, Жогорку Соттун 2003-жылдын 20-августундагы токтомуна ылайык, Хизбут-Тахрир-аль-Ислами диний уюмуна Кыргыз өлкөсүнүн аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(17)
07.06.2018. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Жөндөн жөн барышпаса керек милициялар.
07.06.2018. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кимисине ишенишимди да билбей калдым.
07.06.2018. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Милитция эч убакта калп эле бирөнүн үйүнө жөндөн жөн эле тинтүү жүргүзгөнү барбайт.
07.06.2018. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азыркы заманда кимге ишеништи да билбейсиң же чын эле ошондой же милицияга отчет керек болгон
07.06.2018. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жерде ХХХХХХХХХХ болуп жатат
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-07 15:28:45
07.06.2018. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр динди жамынып алып арабтардын жалган кудай жонундо идеяларды жайылтып жатышат. Кудайды укмак бар, кормок жок. Динди ээрчимей жок. Кудайды корбой туруп сокур фанатизмге берилбеш керек.
07.06.2018. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
zhaku2017, Мен Хизбутчуларды колдобойм. Бирок, туура эмес ойду жазыпсын арабдардын жалган кудайы деп. Арабдын дагы орустун дагы, америкалыктын дагы кыргыздын дагы кудайы бироо эле. Баарыбызга бир кудай.
08.06.2018. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zhaku2017,Астагфирулла!! АЛЛАХды корсон ишенесинби ал бар экенине? Баарыбызды аллах жараткан жаратканга андай деп жазган туура эмес
07.06.2018. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Негизи дин адамзаттын өнүгүүсүнө тоскоол боло турган орто кылымдын идеялогиясы. Ал азыркы замандын бир дагы либералдык саясий, маданий тартипке туура келбейт. Эскиче ой жугурткон адамдар гана жаны замандын жаны шартын эч кабыл алгысы келишпейт. Бир - эки чала молдолордун созун далил катары кармап, кудай бар экен деп сокур боло бербейли. Азыр кооз суйлоп, кой терисин жамып, эл козуно аалым корунуп акыл уйроткон молдоке - карышкырлар коркунучтуу.
07.06.2018. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
erlan2196, ай ай ай... Кудай жок дегенин озу жеткен тушунбостук болуп атпайбы. Кудай болбосо кантип адам торолуп, кантип бак-дарак осуп атат. Бул жаратылыштын мыйзамы дейт чыгарсын. Ошол жаратылышты Кудай жаратканбы акыр тубу? Эмне учун диндеги орозону медицина пайдалуу экен деп чыкты? Жаны заман тастыктаган орозону пайдалуу экендигин мусулмандар тээ 14 кылым мурда эле кабардар болушкан. Аша чаап кетсем кечирип кой, досум.
Gena1 түзөттү 2018-06-07 15:37:09
07.06.2018. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Мени уйумду эчким текшербейт менде куно болбосо бир нерсе болгон текшерип жатат анда неге китептерди сактайсын....
07.06.2018. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жанагы Өзбек деген ажы сөрөйдү да барып текшеришсе болмок, бир соц тармакта халифатка үндөп жүрдү эле, кийинчерээк артын ойлоду окшойт тынчып калды
07.06.2018. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бейишке чыгасынар, тозоко тушосунор кудайды коросунор деп эле адамдарды коркутуп уркуто берсе, анан ишенчек адамдар ээрчип кете беришет да.
07.06.2018. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аптоокан деген да ат болобу??
08.06.2018. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда да ушундай динсиздер барбы? Комент жазгандарды карагыла Аллах жок деген мааниде. Аллах сени мени жараткан. Аллах бир кун кайра алат. Ар бирибиз жооп берер кун келет. Азырттан даярданалы. Айтып коюш бизге парз.
08.06.2018. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Не Милициялардын башка кылаарга иши жок беле, чын эле болсо керек да болбосо жок жерден эле мындай жалаа жабышпайт эле... Аптоокан эжебиз куру доомат кылып жаткандай...
08.06.2018. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Милиция эч качан жондон жон эле барбайт!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: