Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан адамдарга акы төлөө демилгеленди
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан адамдарга акы төлөө демилгеленүүдө. Буга байланышкан токтомдун долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи депутат Мирлан Бакировдун айтымында, токтомдун долбоору өкмөт тарабынан бул маселе боюнча жобону даярдоону тездетүү максатында иштелип чыккан.
"Өлкө аймагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 172 миң 800 адам жашайт. Аалардын ичинен балдардын саны 29 миңден ашык. Медициналык-социалдык комиссиянын корутундусуна ылайык, 6 миңге жакын бала дайыма бөлөк адамдын багуусуна муктаж", - деди ал.
Баяндамачы көпчүлүк учурда андай балдарды ата-энелеринен жана жакындарынан башка эч ким багып бере албай турганын айткан. "Алар андай балдарды багууга көп убактысын жумшайт. Социологиялык иликтөөлөргө караганда, суткасына 12 сааттан көп убакыт талап кылынат. Көптөгөн ата-энелер пенсиялык жана медициналык камсыздандыруудан сырткары калууда. Алардын маянасы жашоо минимумунан төмөн болбоого жана эмгек тажрыйбасына кирүүгө тийиш", - деди демилгечи.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова азыркы тапта туруктуу багууга муктаж балдарды баккан адамдардын эмгек тажрыйбасы эсептелип жатканын, бирок каржы тартыштыгына байланыштуу аларга эмгек акы төлөнбөй турганын билдирген.
Каржы министрлигинин эсептөөлөрүнө караганда, азыркы жашоо минимуму 4 миң 794 сом болсо, анда жалпысынан 450-470 миллион сом талап кылынат. Бирок ал 2018-жылдын бюджетинде каралган эмес. Министрдин орун басары бюджеттен 375 миллион сом өлчөмүндө кошумча каражат караштырууга убада берген.
Жогорку Кеӊештин бул токтому кабыл алынып калса, ал 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирүүгө тийиш.




1 |