super.kg logo

О! Мобилдик оператору Чүй облусундагы түйүндүн камтуусу менен сыйымдуулугун көбөйттү

 

О! Мобилдик оператору жалпы өлкө боюнча жаңы станцияларды активдүү түрдө ишке киргизүүгө аракет жасоодо – жыл өткөн сайын сапаттуу байланыш жана ылдам мобилдүү интернеттин адамдар үчүн өтө эле маанилүү болуп бараткандыгын биз билебиз. Эгер сизге жакын жерде базалык станция пайда болсо – бул сөзсүз түрдө жакшы белги!

Жаңы аймактарды "өздөштүрүүдөн" тышкары, О! Мобилдик оператору калыптанган түйүнүн да бир кыйла бекемдеп алды. 2018-жылдын апрель, май айларында О! операторунун техникалык адистери борбор шаарыбызда жана Чүй облусунда түйүндүн жүзгө жакын жаңы базалык станцияларды орнотушту, муну менен өткөрмөлүүлүк жөндөмү жогорулатылды жана аймактын тургундары үчүн байланыштын сапаты жакшыртылды. Бул өзгөчө смартфондор, планшеттер, модемдер жана роутерлер менен колдонгон О! абоненттерине HD-сапаттагы видеолорду жайлуу көрүүлөрүнө, заманбап оюндарды ойноолоруна, онлайн-медиатекадан музыка угууларына, сырттан билим алууларына жана көнүмүш интернет-сервистер менен тиркемелерди пайдаланууларына шарт түзөт.

3-жана 4-муундагы түйүндүн сыйымдуулугун көбөйтүү боюнча иштер Бишкек шаарынын микрорайондорунда, борбордук жана чет жакасындагы көчөлөрүндө топтолгон. Чүй облусундагы түйүндү кеңейтүү иштери Токмок, Кемин шаарларында, ошондой эле Кызыл-Туу, Ленинское, Ак-Жол, Сокулук, Шалта, Тельман атындагы, Киров атындагы, Ак-Сай, Кегети, Сайлык, Жаңы-Турмуш, Лебединовка, Садовое, Мыкан, Шабдан, Кароол-Дөбө, Калмак-Ашуу, Тарсуу, Кызыл-Байрак, Төрт-Күл, Крупское, Панфиловское, Чалдовар, Военно-Антоновка, Новопокровка, Новониколаевка, Александровка, Комсомольское, Күнтуу, Орто-Сай, Интернациональное, Боз-Бармак, Үч-Эмчек, Таш-Башат, Горная-Маевка, ГЭС-2, Ала-Тоо, Чүй, Он Бир-Жылга, Кайырма, Маданият, Прогресс, Озерное, Васильевка, Тегирменти, Кайынды, Чалдовар айылдарында, "Горный Ветерок" дачалык кыштагында жана "Акыл-Ордо", "Хабитат", "Ала-Тоо", "Теңдик", "Биримдик" жаңы конуштарында жүрдү.

Абоненттердин активдүүлүгүнүн натыйжасында, интернет-трафиктин көлөмүнүн жыл сайын эки эселенип көбөйүүсүн белгилөө менен О! бардык колдонуучуларга максималдуу жайлуулук менен ылдамдыкты камсыздоого аракет жасап келет. Азыркы учурдагы камтуу картасынo.kg сайтынан тапса болот.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
07.06.2018. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интернет 3,4кундон бери дай иштеп жатат
07.06.2018. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
О түйүнү сокулукта таптакыр начар иштейт кайсыл тарифтерине кошулсаң дагы начар.
08.06.2018. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карабалтага качан келет
12.06.2018. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
келечекте уйго кирсен 3ж жок болуп кетет сыртка чыксан пайда болот баардык жеринде мес еми кеебир жерлеринде
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: