super.kg logo

Астротөлгө: 8-июнь күнү төрөлгөндөр лидер болобу?

 

8-июнь күнү иштин көзүн тапкан иштерман эгиздер төрөлөт. Мээнеткечтигинин аркасында мыкты ишкер боло алат. Амбициясы жогору болгондуктан бизнес жаатында көп ийгиликтерге жетишет. Чечим кабыл аларда көпкө ойлонуп, талдоо жасайт. Мындан улам алардын ишинде жаңылышуулар сейрек кездешет.

Ийгиликтерге жетүү ушул күнү төрөлгөн эгиздер үчүн өтө маанилүү. Эгер иши жакшы жүрүшпөй, ойлогондой болбой жатса, дароо тыныгуу жарыялап, кандай кемчиликтер болуп жатканын изилдеп чыгат. Жаңы план, жаңы күч менен ишти улантып жакшы жыйынтыкка жетет.

8 санынын алдында акылдуу жана искусство адамдары көп төрөлөт. Жан дүйнөсү өтө назик адамдар болушат.

Бүгүн жарыкка келген айымдар көпчүлүк учурда үй-бүлөдө лидер боло алат. Анткени жоопкерчиликтүү, кыйын кырдаалдан чыга алышат. Коомдун мыктылар деген катмарына кирип, башкаларды таң калтырууга аракет жасайт.

Көпчүлүк учурда калк кайнаган коомдо иштейт. Тагыраагы, маданият кызматкери, саясатчы болушат же журналисттик кесипти аркалайт.

Ишеним - ушул күнү төрөлгөн эгиздер үчүн маанилүү. Баса, алар ийгилигинин сыры - өздөрүнө талапты катуу коюу деп түшүнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: