super.kg logo

Депутат электр тармагына алынып жаткан 4 миллион евролук насыяны колдобоого чакырды

 

"Чыгыш электр" ишканасы 15 жылдык мөөнөт менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 4 миллион евро көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана 2 миллион евро өлчөмүндө гранттык каражат алууда.
Насыя алуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 7-июндагы жыйынында кызуу талкууланып, айрым депутаттар каршы чыгышууда.

Депутат Мирлан Бакиров суроо берерден мурун өлкөнүн тышкы карызынын көлөмүнө кызыкты. Каржы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөковдун айтымында, учурда Кыргыз өлкөсүнүн тышкы карызы 3 миллиард 870 миллион долларга жетти. "Тышкы карызыбыз ички дүң продукциянын 2017-жылы 53,9 пайызын түздү. 2018-жылдын божомолу боюнча 49,5 пайызга барабар болот", - деп жооп берди Байгөнчөков.

Бакиров бул насыяны алуу боюнча Юстиция министрлигинин документи тиркелбегенин айтып, жыйынга алып келүүнү талап кылды.

"Юстиция министрлигинин документин алып келип көрсөткүлө. Болбосо мыйзамды артка кайтарыш керек. Консультанттар 920 миң доллар алат экен. Негизи эле консультанттардын кереги барбы? Силерден насыя алуу боюнча конкреттүү маалыматтарды ала албай жатабыз. Мындай насыянын кереги жок", - деди Бакиров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
07.06.2018. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тура кылыптыр Мирлан Бакиров
азыркы эсептегичтер эле жетет андан коро жаны конуштарга свет тартып беришсин зым чубалгыларын жанылап алышсын бир борондук алы жок очуп калат. же ошол акылдуу эсептегичтери свет очсо убактылуу свет берип турат бекен
07.06.2018. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чондор эптеп чонтогун кампайтыштын аракети да.Туура айтыптыр,М.Бакиров.
07.06.2018. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алган карыздын 920.000 консультантка берилсе
07.06.2018. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 эсептегич 10 миң сомдон ашык айланып калат экен. 10 эсе ашыкча көрсөтүшүп жатышат да булар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: