super.kg logo
  Саясат  

Фарид Ниязов: "КСДПны жаңылоо процесси жүрүп жатат"

 

Экс-президент, КСДП партиясынын саясий кеңешинин төрагасы Алмазбек Атамбаев билдирүү таратып, партия мүчөлөрү куугунтукка алынып жатканын айтты. Атамбаев жарым жылда оппозицияга айланды, бирок ал жетектеген партиянын парламенттеги фракциясы башкаруучу коалицияда.

Ушул кырдаалдан улам жаралган SUPER.KG порталынын "КСДП партиясы оппозицияда, ал эми Жогорку Кеӊештеги фракциясы башкаруучу коалицияда. Бул саясаттагы эки жүздүүлүк эмеспи?" деген соболуна президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун төмөнкүдөй жооп берди.

Анын айтымында, учурда Алмазбек Атамбаев жарыялаган партияны жаңылоо жана тазалоо процесси жүрүп жатат.

"Бул процесс - партиянын өнүгүүсүндөгү мыйзам ченемдүү этап. Жаңылоо үчүн убакыт керек. Бул маселени бир жылдан кийин талкууласак туура болот. Партиянын жетекчилиги муну трагедия деп эсептебейт. Партиянын 25 жылдык тарыхы бар, 7 жыл мамлекетти башкарган. Биздин партиябыздын атынан талапкер болгон учурдагы президент иштеп жатат", - деди Ниязов.

Журналист Турат Акимов, Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов, укук коргоочу Рита Карасартова жана экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Феликс Кулов, Улукбек Кочкоровдун жообу бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: