super.kg logo

Абактагы саясатчылар Асанов, Кадыров, Карыбековдун жаза өтөө мөөнөттөрү 4-6 жылга кыскартылды (тизме)

 

Бүгүн, 7-июнда абактагы саясатчылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбековдун иши Жогорку Сотто каралып, төмөнкүдөй чечим чыкты:

Бектур Асанов 8 жылга эркинен ажыратылсын (буга чейин 12 жылга кесилген);

Кубанычбек Кадыров 8 жылга эркинен ажыратылсын (буга чейин 12 жылга кесилген);

Эрнест Карыбеков 14 жылга эркинен ажыратылсын (буга чейин 20 жылга кесилген);

Дастан Сарыгулов 4 жылга эркинен ажыратылып, үч жылына шарттуу өтөө жазасы белгиленген (буга чейинки өкүм өзгөрүүсүз калды).

Эске салсак, 2016-жылы 17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмгө ылайык, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров "кылмышка даярдануу" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылдан эркинен ажыратылышкан. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 24-мартынан тарта эсептелет.

Эрнест Карыбеков "кылмышты жаап-жашыруу" жана "мамлекеттик чыккынчылык" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кесилген эле. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 26-мартынан тарта эсептелет.

Ал эми Дастан Сарыгулов Кылмыш-жаза кодексинин 339-берене (кылмышты жаап-жашыруу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылган. Анын үч жылына шарттуу өтөө жазасы белгиленген.

7-февралда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.


кошулду





Абактагы саясатчылардын жаза өтөө мөөнөттөрү кыскартылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
07.06.2018. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Эмнеге кыскартылды акча бердиби соторго
07.06.2018. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Туура чечим, мамлекет тынчтыгы маанилүү.. Берки карганда калжаңдаган чалды (аксакал дегенге татыксыз) эмне кылышты экен,үй камагында эле калды го дейм.. Баары бир жашына карап боор ооруп кетет..
07.06.2018. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жакшы болуптур. Актап жиберседа болот эле. Мамлекетти басып алган адам жүрөт. Басып алабыз деп уюштурду деп жалган маалымат менен камап жиберген 10-жыл 20 жылга. Жакшырак аракет кылып басып алганда президент болот эле
07.06.2018. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
кадыржан батыров менее бирге болгондорбу? бектур асанов деген ошол батыровдун жанында жүргөн беле? Эгер ошондой болсо өлүм жазасына тартылсын!
Медиа-портал
08.06.2018. 06:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саясатчылардын!
08.06.2018. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бектур Асанов Батыровдун жамбашында жургон видеолор коп коргом жеке мен. Июнь окуясына да тиешеси бар демек. Буларга окшогондорго, биздин олкодо омур бою эркинен ажыратылса!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-08 10:16:27
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: