super.kg logo

Кыргыз-Кытай элчиликтери үчүн жер тилкесин алмаштыруу жараянына Жогорку Кеңеш аралашпайт

 

Кыргыз-Кытай элчиликтери үчүн жер тилкелерин алмаштыруу жараянына Жогорку Кеңештин тиешеси жок. Бул тууралуу парламент депутаты Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, жогорудагы маселе боюнча Жогорку Кеңеш эч кандай таасирге ээ эмес.

Ал эми дагы бир депутат Алмазбек Баатырбековдун айтымында, президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга жасаган алгачкы мамлекеттик сапары учурунда жогорудагы келишимге кол коюлбаганына майда документтердин бүтпөгөнү себеп болгон. "Менин билишимче, ушул сапар учурунда кол коюлмак. Бирок биз тараптан же Кытай тараптан майда бир-эки документ бүтпөгөн экен. Ошол себептен кол коюлбаптыр. Ал эми бул маселе парламентте каралабы, жокпу анык эмес", - деди Баатырбеков.

Эске салсак, 31-майда Бишкек шаардык кеңеши Кытай Эл Республикасынын элчилигине борбор калаадагы 3,3 гектар жерди берүү жана Пекинден 25 сотых жерге ээ болуп, Кытайдын каржылыгында 9 миллион долларга имарат куруу келишимин колдогон.

Буга чейин президенттин Кытайга боло турган иш сапарында жер боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлуусу мүмкүн экендиги айтылган. Коомчулук жерди ижарага берүү боюнча келишимге "президенттин Кытайга болгон иш сапарынын астында шашылыш кол коюлду" деп сынга алган. Президенттик аппарат бул сындарды "негизсиз" деп айткан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
07.06.2018. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Расса аралаша турган нерсеге аралашпайт
булар. А аралашпай турган нерсеге аралашышат .
07.06.2018. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жогорку Кенеш озун алып качып жатат. Анткени булар Сокени колдоого мажбур. Анда элдин каарына калат. Ошол учун Окмотко "бизди аралаштырбай бутуро бергиле" деди да.....
07.06.2018. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жанакы барына эле аралаша берген дастан брат жоко
08.06.2018. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уят эле 3.3гектар 25сотых жерге алмашылса.Корунуп эле турбайбы жаш балага 25сом карматып-3300сомун алып койгондой болуп.Биздин 120коюбуздун акылдары ыштанынын ичинде эле болуп калыптыр.
08.06.2018. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз парламенттик олкобуз! Аны мамлекет башчы да тастыктап колдоорун айткан. Анда эмне учун эн маанилуу маселеде качып жатасынар? Билесинерби бул жер учун кан жанын тогуп келишкен. Чындыгында силер эл жердин кызыкчылыгы учун ошол жердесинер! Кайдыгер карабагыла. Эл окул деген атка татыктуу болгула!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: