super.kg logo

Өгөй атасы тарабынан сабалган балдардын апасы: "Бара турган жайым жок, күйөөмдү кечирем"

 

Сокулук районунда өгөй атасы тарабынан сабалган 2 жана 5 жаштагы балдардын апасы күйөөсүн кечирип, ал менен кайрадан чогуу жашаганга макул. Бул тууралуу балдардын апасы Айсулуу 7-июнда SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, күйөөсүнүн баш коргоо чарасы 8-июнда каралат.

"Кайненем ооруканага келип жатат, бүгүн да тамагын көтөрүп алып келиптир. Ал кайрадан чогуу жашагыла, кааласаң балдарыңды мен деле багып берем деди. Күйөөм да эми урбайм деп сөз берип жатат. Эртең сотто да экинчи урбайм деп тил кат жазып берет экен, кагаздын бир көчүрмөсүн мага беришет. Өзүм да кечирип чогуу жашайын деп жатам, азырынча балдарды кайненеме берүүнү ойлоно элекмин. Кечирбесем балдарым менен кайда барам? Бара турган жерим жок", - деди Айсулуу.

Ошондой эле ал ооруканага өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн орун басары, Сокулук районунун акиминин орун басары келип, абалы менен таанышып, балдарына документ алууга жардам көрсөтөрүн айтышканын билдирди.

"Көп эле адамдар келип жатат, мен айрымдарынын ким экенин түшүнбөй жатам. Келгендеринин баарына эле күйөөмдү кечире тургандыгымды айттым", - деп кошумчалады ал.

Эске салсак, буга чейин Айсулуу күйөөсү, балдарынын өгөй атасы өзүн да, балдарын да сабаганын айтып берген. Балдар денесинен жаракат алып Сокулук райондук аймактык ооруканасына жаткырылган. Дарыгер кийин Айсулуу кош бойлуу экенин, түйүлдүк 7 апталык экенин билдирген.

Ал эми аялына кошуп балдарын сабаган делген 36 жаштагы тургунга кылмыш иши козголуп, Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(25)
07.06.2018. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кайра сабашы мүмкүн, муну коркутуп койдуда
Кайын журтары , мисалы менин ойумча
07.06.2018. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Ошол күйөөң сени бир урдубу эми да урат.Акимдин жардамчылары келиптир эл жардам берем десе 1-2жыл кварплатка акча чогултуп жашап турсаң андан ары дагы көрөт элең го бешенеңе жазганын.Эриң сөзсүз ХХХХХХХХ Ал адам сени жарытпайт,гипкичинекей балдарды да аябаптыр го байкуштарды көрүп боорум ооруду.Урматтуу ажырашкандар колуңардагы бала чоңойгуча турмушка чыкпагылачы,баланын убалы кимге кантип көз алдыңарды урса чыдайсыңар.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-08 09:24:19
08.06.2018. 07:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nevestkaa,ошону айтсаң.эми сен ошондо элдин баарына жамандап,каматкансың деп андан бетер кордойдойт го байкушту.күйөөсүн эч качан кечирбеш керек!!!
07.06.2018. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Конгон адат калбайт. Эртен мындан эки эсе таяк жейсин. Биротоло майып болуп каласын. Сооп болуптур сага.
iryi1 түзөттү 2018-06-07 19:37:00
07.06.2018. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Супер Инфо... ушул келинге жардам корсотууну уюштургулачы. Сураныч.. балдар кайра ал зоокурго кор болуп барбаш керек. Азамат Байматов байкеге кабарлагылачы.. ал созсуз жардам берет.. биз алыстагылар да колдон келген жардамыбыз ушул болсун деп аздан болсо да акча которолук. Балдарды кор кылбайлыкчы...
08.06.2018. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pchelka85,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
07.06.2018. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
ХХХХХХХ идеосун коруп журок тилинет.. наристелердин ахыбалын коруп(((... кандай зоокур адам "соз берип атат урбайм дейт" деп байкуш келин да ишенип атат.. келиндин самооценкасын таакыр эле тущуруп салыптыр.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-08 09:27:14
08.06.2018. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pchelka85,
Бул видеохостингди жарнамалоого тыюу салынат! Эскертүү!
07.06.2018. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азыр аялдарга тушунбойсун.Кызын зордуктап торотуп койсо да ажырашпайм доом жок деген аялды оз колум менен муунтуп олтургум келди эле.Айсулуу козунду ач.Ичиндеги туйулдукту жок кыл.Эки балан менен эри жок эле жашачы.Элден айланып кетсе болот.Колубуздан келген жардамды беребиз.
07.06.2018. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Барбай эле койсон жакшы болмок , жакшылап ойлон башында болбогон аягына чейин болбойт
07.06.2018. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бара турган жери жок экен байкуштун анын үстүнө кош бойлуу да экен
07.06.2018. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Интернетке чыкканынар учун кайнененер жанталашып келип атат да!
08.06.2018. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Daiana,баласы соттолуп кеьпесин деп
07.06.2018. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
1-жолу урбаптыр, акыркы дагы эмес. Бул дагы урат. Бир жериң майып болуп калгыча кечирдим деп жүрө бер. Качан эч нерсеге жарабай калганыңда, мен майып катын менен жашабайм деп башка аял алып келет анан баргыс болосуң. Бар күчүңдү балдарга арнап, келечекке умтул. Барба, барба, барба!!!
07.06.2018. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Жардам беруучулор чыгып жатыптыр,акимдин орун басарлары келип атса кочодо калбайсын.Ал зоокурдун апасы баласы камалып кетпес учун баардык нерсени кылам -деп жан талашып жатат,эмнеси болсо да апа да.Тил кат жазымыш болуп,чыккандан кийин бул окуя унутулуп калганда коргулукту корсотот сага.Лучше жолобо ал зоокурго!
07.06.2018. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Dembele84, сенин сөзүң туура колдоим .
07.06.2018. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Куйоосуно кайра бара турган болсо балдарын балдар уйуно алып коюш керек ХХХХХ энелердин айынан канчалаган балдар бул дуйнодон коз жумуп жатышат.Квартирага чыксын балдарын садике бергенге жардамдашалы озу бир жумушка кирсе биз элдер жардам корсотсок жашоосу жакшы болмок.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-08 09:47:46
07.06.2018. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Иии, келиндин айтканын окуп күйүп кеттим. Күйөөсүнө барбай койсо, күнү бүтүп калчудай коркуп атканын.Эмнеге бара турган жериң жок, ата-энең жок болсо, артыңда калдайган кыргыз калкың бар. Күйөөңдөн эми мээрим дагы, жакшылык дагы күтпө.
08.06.2018. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Номерин тапканга жардамдашкылачы
08.06.2018. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Барба акылын менен болуп. Эми барсан балдарындын эле шору. Сага бала керекпи же куйообу. Жардам беребиз буюрса. Кен пейил кыргыз эли бар. 100-200сомдон чогултса да керегине жарап турат.
08.06.2018. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ыйык рамазан кунундо ичип жаш балдарды бойунда бар аялды урган адамды кудай жазаасыз калтырбайт
08.06.2018. 06:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ii kudaiym saktaptyr, emmi kechirip koiso dagy uirongon adatyn kylyp baldardy olturup salsachy, kim joop kim kepildik beret buga.
08.06.2018. 06:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
okmot bashchylar , ushul jalguz boi enelerge zakon chygaryp alarga komok korsotup, jashai turgan jer salyp , vremenno jashatyp koiso bolboit beken , chet olkodo jalgyz boi eneler bir jakshyna ele jashap jurboibu, er kaisyl erkekke kor bolboi.
08.06.2018. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол 2 баланы кимден тородун. Кыргыздын намыстуу жигиттери башка улутка тийген кыздарды курокко тургус кыласынар. Эми не дейсинер озубуздун эле жигит сабаптырго. Келинге боорум ооруган жок 2 балага боорум ооруду
08.06.2018. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Келинге аз экен бул! Кечирем дегенини, уфф! Озунун кадырын билбеген аял экен. Балдарынды эми майып кылат уруп, мен балдарына боорум ооруп турат. Ушундай оздорунун кадырын билбеген аялдарды не кылса. Эл жардам берет, баратурган жерим жок деп ошону шылтоо кыласында эй, эримди эле сагындым дебейсинби андан коро.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: