super.kg logo

Орусиянын Кыргыз мамлекетине ЕАЭБдин алкагында техникалык көмөк көрсөтүүсү боюнча келишимдин мөөнөтү узартылууда

 

Орусиянын Кыргыз мамлекетине ЕАЭБ алкагында техникалык көмөк көрсөтүүсү боюнча келишимдин мөөнөтү узартылууда. Буга байланышкан келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ратификациялык мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 7-июнда карап, концепциясын добуш берүүгө жөнөттү. Маалым болгондой, 2017-жылдын 29-декабрында аталган макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго кол коюлган. Анда Саламаттыкыт сактоо министрлигинин Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу департаментинин эки лабораториясын жабдуу жана капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Ал жумуштарды 2017-жылы бүткөрүү мүмкүн болбогондуктан, бул мөөнөт 2018-жылга жылдырылууда.

Ошондой эле Орусиянын Федералдык бажы кызматынын сунушуна ылайык, протоколдун долбооруна Кыргыз мамлекетинде жаныбарларды идентификациялоону техникалык жактан колдоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун мөөнөтү да узартылууда.

Белгилей кетсек, келишимдин алкагында жасала турган жумуштар орусиялык компания тарабынан ишке ашырылат. Өкмөттүн маалыматына караганда, буга чейин 12 лаборатория оӊдолуп, жаӊы 4 лаборатория курулду. Ал эми Бишкек жана Ош шаарларындагы лабораториялардын капиталдык ремонту жыл аягына чейин толугу менен бүткөрүлүп, жаӊыдан жабдылмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: