ЖКнын Сот укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитети экс-министр Равшан Сабировго карата чыгарылган сот өкүмүндө мыйзам бузуулар болгонун билдирди
24-июнда ЖКнын Сот укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинде экс-министр Равшан Сабировго карата чыгарылган сот өкүмүндө мыйзам бузуулар болгонун айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Сабировдун жактоочусу Икрамидин Айткулов маалымдады. Айтымында, тармактык комитет бул ишке байланыштуу катты Сотторду тандоо кеңешине жиберет. Эскерте кетсек, ушул жылдын 7-мартында Бишкек шаардык соту Р.Сабировду үй мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга эркинен ажыраткан. 23-майда Жогорку Сот ал чечимди күчүндө калтырды. Айта кетсек, 2012-жылы экс-министр менен анын жардамчысы "чет өлкөлүк бала багып алуучу уюмдан пара алган" деген шек менен айыпталып келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

