super.kg logo

Бишкекте кызматкер өзү иштеген гипермаркеттен 1 миллион 500 миң сом уурдады деп кармалды

 

Бишкекте кызматкер өзү иштеген гипермаркеттен 1 миллион 500 миң сом уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы малымдады.

"28-май күнү шаардагы гипермаркеттердин биринин директору милицияга арыз менен кайрылган. Арызда кызматкерлердин бири түнкүсүн кассадан ири суммадагы акчаны уурдап кетишкенин билдирген. Бул окуя боюнча Октябрь РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесинин (тоноо) негизинде кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган.

6-июнда Бишкек ШИИББи менен Октябрь РИИБинин кызматкерлери биргеликте ыкчам-издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, Баткен облусунда жашынып жүргөн 27 жаштагы Х.Ч. аттуу жаранды кармашкан. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда 1 миллион 500 миң сом табылган", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Учурда кармалган адам Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
08.06.2018. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммм
08.06.2018. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунча болуп калыптыр доллар уурдаш керек эле
08.06.2018. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунча уурдапсын акчанын жарымын садака кылып жибериш керек эле да
08.06.2018. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шадиевче жоксунбу качып кетбейт белен
10.06.2018. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баткенден аары сууга секирсен Америка деп кетеберсен калып калышат беле дагы бир жаран качты дешкен бойдон издешпей калмак Шадиевче деп..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: