Кыргыз мамлекети Өзбекстанга электр энергиясын экспорттой баштады
Кыргыз өлкөсүнөн Өзбекстанга электр энергиясын экспорттоо иши башталды. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, өлкөнүн электр энергиясын жана суу ресурстарын натыйжалуу колдонуу максатында ушул жылдын жай айларында Өзбекстанга электр энергиясын экспорттоо маселеси сүйлөшүлдү. "Электр станциялары" ишканасы менен Өзбекстандын "Өзбекэнерго" ишканасынын сүйлөшүүсүнө ылайык, электр энергиясын экспорттоо ушул жылдын 8-июнунан август айына чейин уланат. Жалпысынан 500 миллион киловатт саат энергия экспорттолсо, бир киловатт энергия 2 АКШ центине (1 сом 50 тыйын) бааланган.
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү планга ылайык экспорттоого жол берет жана канча көлөмдөгү энергия кетип жаткандыгы сутка сайын эсептелип турат.
кошулду


Эмнеге Озбекистанга 1 кВт электр энергиясы 1 сом 40 тыйындан (2 цент 1,5 сом болбойт) сатылат да, ал эми карапайым эл 700 кВттан ашкан кундо, ар бир кВт электр энергиясына 2 сом 16 тыйындан толоп келет?!!
Озбектерге 1,4 сомдон сатып, оз элине 2,16 сомдон саткан бийликти кандай атаса болот?!!
Бул 700 кВттык чектоо Кыргызстан Казахстандан ар кВт электр энергияны 5 сомдон сатып алган жылы убактылуу корунуш деп атады эле...
Эй Соке, элди тоногонунду токтотчу!!!
Элге 2 сом 16 тыйындан саткыча, Озбекистанга 4 цент (2,8 сом) же 5 центтен (3,5 сом) сатсан болбойбу?!! Казахстандан 5 сомдон деле сатып алып журдунор эле го?!!
Мен Супердин жамаатына кайрылып кетем. Бул убактылуу чектоо деп киргизилген 700 кВттык чектоо эмнеге жоюлбай келгенин Окмот менен Сокеден билип бергилечи...
Соке, сен
Ошолор кыштын куну электр энергиясы учун ай сайын э 3000-5000 сомдон толошот, ото уномдогон кундо, болбосо 10 мин сомдон да ашып кетет...
Мына ошолорду ким ойлонду?!! Оз элин карактоо биздин бийликке жагат окшойт ээ?
Же оздору ошол койгойду айтып чыга албаса, же башкалар айтса коро албаса...
Айрыкча Жээнбековдун кошоматчылары менен диний фанаттардын тушуно кирип баштадым го, комменттерди окубай туруп минус басып киришет...))
Бул да болсо алардын туркойлугунун белгиси...