super.kg logo

ИИМ: "Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнүн бети дале ачыла элек"

 

Жансыз денеси 2014-жылы Бишкектин четиндеги көрүстөндүн жанынан табылган маркум Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнүн бети ачыла элек. Бул тууралуу ИИМдин коомдук кеӊешинин отурумунда ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын башчысы Нурбек Абдиев билдирди.

Анын айтымында, кээ бир кылмыштардын бетин ачууга төрт-беш жыл талап кылынат. "Бул иш боюнча тергөө иштери дагы деле жүрүп жатат. Айрым жагдайларды ачыктоо үчүн көп убакыт кетет. 4 жыл аралыгында иштин айрым бөлүктөрү аяктады", - деди Нурбек Абдиев.

Ошондой эле ал мурдагы депутат Аида Салянованын агасы Калыбек Элтуйбасов (Салянов) Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө айыпталбаганын айтып, болгону ал тергөө иштерине күбө катары суралуу үчүн издөөдө жүргөнүн кошумчалады.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 10-мартында 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкек шаарынын Достук кичи районундагы үйүнөн эртең менен чыгып, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соң, 17-мартта анын сөөгү Байтик айылынын чекесинен табылган.

К.Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 1 миң 500дөй киши суракка алынган. Ал эми Салянованын агасы кыз каза болгонго чейин аны менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү айтылып келет. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө "маркум Дүйшөбаеванын өлүмүнө катыштыгы бар болушу мүмкүн" делип, айрым белгилүү адамдардын ысымдары айтылган. ИИМ тараткан маалыматтарда, алардын арасында "Мекен шейиттери" уюмунун мурунку жетекчиси Осунбек Жамансариев жана Аида Салянованын аталаш тууганы Калыбек Элтуйбасовдордун да аттары бар.

Тергөөнүн жүрүшүндө "аты аталган адамдар менен маркум кыз курбусу экөө Бишкектеги сауналардын биринде жолугушкан" деген жүйөлөр келтирилген. Милиция Элтуйбасовго издөө жарыялап, "ошол саунадагы видеокамераларга тартылып калган тасмаларды өчүртүп салган" деп шектөөдө.




кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
08.06.2018. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ИИМ дагы убакыт созуп журо берсе, бул иш унутулат...

Анан Салянованын агасын жон эле кубо дегени кызык экен... Эгер анын куноосу болбосо, эмнеге качып кетти ыя?!! Эмнеге саунадагы видеолорду очуртуп, куболорду жоготот аларды коргон?!!
08.06.2018. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жок соз, акчасын болушунча жеп алганбыз дебейсинерби
08.06.2018. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саунада жыргайм деп жаш кыздар менен эми абийири ачылып картайганда качып журот. Япониянын премьер министри гейша менен болгон окуясы коомчулука чыкканда дароо оставкага кетип абийири тогулгонунон улам озун асып салган болчу. Кореянын президенти баласы сойку менен болгону билинип калганда жалпы элден кечирим сураган.
Бизде кайрадан кызматы менен милицияга канча тергоого тоскоолдук жаратты.дагы дагы
09.06.2018. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмнеге жаш болуп атасындай кишилер менен сүйлөшүп жүргөн өзүндө бир демкеси бар болгон да! Баардык нерсе үйдөгү тарбиядан. Үйдө кандай тарбия алсаң талаада да ошол тарбияң менен жүрөсүң. Жаткан жери жайлуу топурагы торлуу болсун өлгөн адамды сөз кылбай эле койолук! Жараткан билип билбей кылган күнөөлөрүн кечирген болсун!
09.06.2018. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арадан торт жыл отсо да издоодо жургон кандай кылмышкер ал? Кармоого кантип болбосун 4 жылдан бери? Коррупциялашкан окуя да корунуп эле тургандай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: