super.kg logo

Депутаттар акимдерге түзгөн жумуш ордуна карап баа берүүнү сунушташууда

 

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүү маселеси боюнча Ош шаарында көчмө жыйын өткөрүп жатат. Ага фракция мүчөлөрүнөн сырткары өкмөттүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы өкүлдөрү, акимдер жана айрым министрлер катышууда. Жыйын учурунда фракция мүчөлөрү акимдерге канча жумуш ордун түзгөндүгүнө карап баа берүү зарылдыгын айтышты. Депутат Абылкайыр Узакбаевдин айтымында, айрым акимдер кызматка кокустан келип калып, жыйынтыктуу иш жасабай жатат.

Депутат Тынчтыкбек Шайназаров акимдерге түзгөн жумуш орундарына карап баа берилсе, инвестор издөөнү күчөтүшө турганын кошумчалады. "Район акимдеринин иштерине баа берүүнүн бир критерийи канча жумуш орундарын түздү, канча ишкана ачылды деген шарт менен коштолсо, инвестор издеө күчөмөк", - деди Шайназаров.

Депутат Зиядин Жамалдинов дотацияда турган айылдарга чакан мал союучу, мөмө-жемиш кургатуучу цехтер ачылса иштер алдыга жыла турганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.06.2018. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул да бир корсоткуч бирок бир корсоткучко жабышып алуу ошол Жогорку Кенеш депутаттарында профессионализм жоктугунан кабар берет...

Эгер бул критерийге таянсак, акимдер эптемей септемей болсо да жумуш ордун тузуп, озу тузбогон, ишкерлер оздору тузгон жумуш орундарын кошо эсептеп, анан калп маалыматтар кете баштайт. Анан калса бир райондо эл коп, башкасында эл аз, шарттары ар башка...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: