super.kg logo

Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде "Айтматов ааламы" көргөзмө-сынагы эшигин ачты

 

Бүгүн, 8-июнда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата жаш сүрөтчүлөрдүн "Айтматов ааламы" көргөзмө-сынагы өз эшигин ачты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын президентинин "Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын белгилөө жөнүндөгү" жарлыгына ылайык, жазуучунун 90 жылдыгын улуттук жана эл аралык деңгээлде өткөрүү боюнча планын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан уюштурулду.

Иш-чаранын максаты – залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын көркөм сүрөт өнөрүндө, жаш сүрөтчүлөрдүн эмгектеринде чагылдырып жайылтуу болуп саналат. Көргөзмө-сынакка жаш сүрөтчүлөрдүн ар кайсы жанрдагы, түрдүү тематикадагы эмгектери 27-июнга чейин коюлат. Көргөзмөнүн ачылышында жеңүүчүлөргө дипломдор, сертификаттар жана атайын сыйлыктар ыйгарылат. Жалпысынан сынакка өлкөбүздүн бардык аймактарынан 80ге жакын жаш сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлат.

Ошондой эле республикабыздын бардык аймактарынан жаш сүрөтчүлөр, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун өкүлдөрү, Айтматов таануучулар, көркөм сүрөт өнөрүн сүйүүчүлөр жана башкалар катышмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: