СУПЕРСТАН: "Эл көзүнө жакшы үй-бүлө болуп көрүнүп, а үйдө болсо баары башкача"
SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Күйөөм үйгө түнөбөйт" деген жүрөк сыры талкууга алынган.
Автор: "Саламатсыздарбы? Мен көптөн бери жүрөк сырынын окурманымын. Бирок өзүм да тема ачам деп эч ойлогон эмесмин. Теманын аягында сиздерден туура кеңеш сурайм. Мага ката кетирбегенге жардам бергилечи... Жомоктогудай жашоомду бир заматта өзгөрткөн, азыркы учурдагы болуп жаткан көйгөйдү айткым келет. Жолдошум экөөбүз 3 жыл сүйлөшүп, сүйүшүп жүрүп баш кошконубузга 20 жылдай болуп калды. Ортобузда сый мамиле, бири-бирибизди жакшы көрөрүбүздү баары билип, идеалдуу түгөй деп суктанышчу. Мен аны сүйгөндүктөн жана ишенгендиктен эч качан кызганган эмесмин. Ал түз жүргөн, так, бир мүнөз жакшы адам. Ушул убакытка чейин күнүнө сүйөм деген сөздөрдү айтышып, кучакташып жатчубуз. Ал болсо өтө кызганчаак. Акча, оокат үчүн эмес, болгону анын жөнү жок кызганганынан улам уруш чыкчу. Мени ак жеримден эле ар ким менен жүрдүрүп, "жаткырып" айламды кетирет. Достор болуп чогуу отурганда сенин күйөөң түз жүрөт, колунан тартсак да тескери жолго баспайт деп кеп кылышчу. А мен болсо сыймыктанчумун. Эгер чын эле башканы сүйүп калсаң кете бересиң, бактылуу болом десең мен сени кармабайм деп айтчумун. Ал болсо сен мени такыр кызганбайсың, менин сага керегим жокпу деп калчу...
Адам 40 жаштан ашканда өзгөрөбү же көөп кетеби билбейм, акыркы 3 айда өзгөргөнү даана билинди. Эмнегедир мамилеси муздап, төшөк мамилеси таптакыр унутулду, кучактап жатмак тургай колун да тийгизбейт, жуурканды ортосунан кымтылап алат. Ары карап жатат, мени менен иши жок, балдарынын кем-карчын толуктап, акча берет, болду... Өзү чакан ишканада 6 адамды иштетет. Акчасы бар. Алардын арасынан эң жаш, 20дан өтүп калган келинди жумушка аларда өзүм үйрөтүп, тың экен деп алганбыз. Жолдошу экөө жаш бүлө, ата-энеси жок балага турмушка чыгыптыр, 2 кызын өзүнүн ата-энесине бактырат экен. Кийинчерээк жумушуна барсам, баягы мен айткан келин күйөөмдүн уюлдук телефонунан сериал көрүп отуруптур...
Анан менде көйгөйлөр башталды. Соода-сатык кылам деп, колумдан келбей өтө эле чоң суммада карызга батып калдым. Күйөөмдөн коркуп биринен алып, бирине берип жатып, аргам калбай калганда күйөөм, анан баары билип, уят эле болдум. Кечиргиле деп ыйлап туруп бердим. Өлөйүн десем жан таттуу экен. Балдарым үчүн баарына чыдайм. Мени эмне дешсе да унчукпай көтөрөм дедим. Күйөөм болсо стресске түштү, жек көрдү, бирок акырында аман болсок кутуларбыз, сарсанаа болбо, мен турбаймынбы деп, жан талашып иштеп акча таап, менин карыздарымды төлөй баштады...
Бирок биздин мамилебиз мурунку калыбына түшкөн жок...
Окуяны толугу менен окуу үчүн бул шилтемени басыңыз.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
- "Демек, өзүң аягына чыгыпсың... Ошону башында эле билишиң керек болчу, жүрө бербей... Анан калса сенин да күнөөң бар. Сүйүп, күйгөн жолдошуң менен кеңешпей иш баштап, банкрот болуп, ал аздай ар кимден карыз алып отуруп карыздарды 2-3 эселеп көбөйтүп жиберип, күйөөңө төлөшүп кой десең... Ким болбосун ачууланат, аялынан көңүлү сууйт".
- "Мейли, өткөн ишке өкүнбөш керек, бирок күнөө сизде. Стресске түшкөн күйөөңүз ушинтип ачуусун чыгарып жатса керек. Мындан ары артынан түшүп аңдыбай эле коюңуз демекчимин, апаларын ээрчитип барып чекит койгонуңуз дурус болуптур. Бирок ортоңордогу мамилени ырбатып алуудан сак болуңуз. Кокусунан "бар кет, карызыңды өзүң төлө" деп калса, кайда барып, балдарды кантип багып иштеп кутуласыз? Биринчи карызды ойлоп, акчаны, убактыңызды үнөмдөп, аны детектив, таксилерге коротпой, кантип иштеп карыздан кутулам дегенди ойлонуңуз, өзүңүз да аракет кылып иштеңиз".
- "Жазганыңызга караганда акылдуу аял эмессиз. Сизди бирөө жөлөп-таяп туруш керек экен. Өзүңүздүн колуңуздан эшектин тушоосу да чечилбейт экен. Балким, тиги кыздан айырмаңыз ушундадыр".
- "Экөөңдө тең күнөө бар экен. Балдарыңар үчүн экөөң тең кечиришип, мурдагыдай жашоого аракет кылып жашап кала бериш керек. Өткөн күн унутулбаганы менен жашоонун жаңы барактары ачылган сайын артта кала берет".
- "Эже, сизге сабыр! Акыл калчап иш кылыңыз. Антип чыгып кетпеңиз, баары бир сизге кайтат. Жакшы сүйлөп, таттуу тамак жасап, жакшы мамиле кыла бериңиз".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.

