super.kg logo
  Саясат  

Депутат Анвар Артыков: "Кытай менен келишим түзүлсө, алар жерди өздөрү менен кошо алып кетпейт"

 

Президент Сооронбай Жээнбековдун 6-июнда Кытайга жасаган мамлекеттик сапары учурунда Кыргыз-Кытай элчиликтери жайгашкан жерди 49 жылга бекер пайдаланууга берүү боюнча келишимге кол коюлары айтылган. Бирок Тышкы иштер министрлиги айрым процедуралар бүтпөгөнүнө байланыштуу документке кол коюлган жок деп маалымат таратты.

Ушул окуяга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жээнбековдун Кытайга 3,3 гектар жер берүү келишимине кол койбой койгонун кандай кабыл алдыңыз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү Анвар Артыков жооп берди.

Артыковдун айтымында, бул маселе ар тараптуу иликтениши керек.

"Бул маселе быша элек болсо керек. Ратификация кылыш керек болсо, парламентке чейин чыгат. Ал анык эмес. Коомдо ар кандай күчтөр, ынтымакты жактырбагандар бар. Балким, ошолор элди козуткусу келип жаткандыр. Мен "кимдир-бирөө президентке нааразычылыкты уюштурду" деп айта албайм.

Кытай менен келишим түзүлсө, алар жерди өздөрү менен кошо алып кетпейт да. Бардык эле элчиликтер имарат куруп жатпайбы. Бирок чынында эле бул маселени ар тараптуу карап чыгыш керек", - деди Артыков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Абдывахап Нурбаев, мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов, жарандык активист Адил Турдукулов жана саясат таануучу Даниел Кадырбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: