super.kg logo

Дотациялык райондордо өндүрүш ачылса, алар 10 жылга чейин салыктын бир топ түрлөрүнөн бошотулат

 

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүү маселеси боюнча Ош шаарында көчмө жыйын өткөрүп жатат. Ага катышкан өкмөт өкүлү Данияр Иманалиев президенттин “2018-жылды аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгынын жана “2018-2022-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын аймактык саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын тааныштырды.

"Айыл чарбаcын каржылоо-5" долбоорунун негизинде дыйкан, фермерлердин 15 миң товар өндүрүүчүсүнө жеңилдетилген насыялар берилген. Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондусу аркылуу 276 миллион долларга долбоорлор даярдалды. Коммерциялык банктар эгер ушул жумуш орундарын түзүүгө катышса, өз портфелинин 50 пайыз каражатын жумшасын деген сунуштар каралууда. Кепилдик фонду аркылуу да 446 миллион сомдук каржылоо иштери жүргүзүлөт. Бирок күрөө маселеси бир аз түйшүктү жаратууда. Насыялардын пайыздык өлчөмүн 6 пайызга чейин төмөндөтүү жактары да пландалууда", - деди Иманалиев.

Баяндамада айтылгандай, 363 ар кандай айыл чарба техникалары лизингдик шартта берилген. Кооперативдерге да колдоо көрсөтүлүп, логистикалык борборлорго жана машина-трактордук станцияларга олуттуу көңүл бурулууда. "Дотациялык райондордо өндүрүш ачылса, алар 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө жер, мүлк жана киреше салыктарынан бошотулат. Технополис түзүүгө да өзүнчө жер бөлүнүп берилген", - деди Иманалиев.

Фракция лидери Бакыт Төрөбаев облустарда жумуш орундарын түзүүдө МТС, “Жарык шаар” долбоорлору үлгү боло ала тургандыгын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.06.2018. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсыл райондор дотацияда. Атын айтсанар инвесторлор барса керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: