super.kg logo
  Саясат  

Депутат Алмазбек Баатырбеков: "Кытайга жерди бекер пайдаланууга берүү маселеси парламентте каралабы же жокпу анык эмес"

 

Президент Сооронбай Жээнбековдун 6-июнда Кытайга жасаган мамлекеттик сапары учурунда Кыргыз-Кытай элчиликтери жайгашкан жерди 49 жылга бекер пайдаланууга берүү боюнча келишимге кол коюлары айтылган. Бирок Тышкы иштер министрлиги айрым процедуралар бүтпөгөнүнө байланыштуу документке кол коюлган жок деп маалымат таратты.

Ушул окуяга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жээнбековдун Кытайга 3,3 гектар жер берүү келишимине кол койбой койгонун кандай кабыл алдыңыз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбеков жооп берди.

Эл өкүлүнүн айтымында, президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга жасаган алгачкы мамлекеттик сапары учурунда жогорудагы келишимге кол коюлбаганына майда документтердин бүтпөгөнү себеп болгон.

"Менин билишимче, ушул сапар учурунда документке кол коюлмак. Бирок биз тараптан же Кытай тараптан майда бир-эки документ бүтпөгөн экен. Ошол себептен кол коюлбаптыр. Ал эми бул маселе парламентте каралабы, жокпу анык эмес", - деди Баатырбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Анвар Артыков, Абдывахап Нурбаев, мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов, жарандык активист Адил Турдукулов жана саясат таануучу Даниел Кадырбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: