super.kg logo

Төкмө акын Бурулайга арнап ыр төктү

 

Бүгүн, 9-июнда Бишкекте Бурулай Турдали кызынын окуясына байланыштуу кыз-келиндердин укуктарын коргоо боюнча акция өткөрүлдү. Ага жалпы 200дөй кыз-келин катышса, экс-президент Роза Отунбава, Кыргыз Эл артисти Назира Мамбетова, Кыргыз Эл жазуучусу Гүлсайра Момунова жана башкалар келип иш-чараны колдоого алышты.

Иш-чара учурунда төкмө акын Азамат Болгонбаевге сөз берилип, ал Бурулайга арнап комуз менен ыр төктү.

"Бир кыздын кайгы-муңунан,

Кыргыздын жаны ооруду.

Тоолордун акпай булагы,

Талаанын гүлү соолуду.

Берметтей жаркып турганда Бурул,

Бейажал келип тооруду", - деп айтылды акындын ыр саптарында.

Акциянын аягында катышуучулар Бурулайдын сүрөтүн, кыздарга карата зордук-зомбулукка каршы маңызда жазылган плакаттарды кармап Уркуя Салиеванын эстелигинен Ак Үйгө чейин жөө жүрүш жасашты.

Уюштуруучулар мындай акция акыркы эместигин, ала качууну, кордук көрсөтүүнү токтотууну талап кылган дагы бир топ иш-чаралар уюштуруларын айтып тарап кетишти.

Эске салсак, 27-майда 29 жаштагы жигит 20 жаштагы кызды ала качып бара жатып Сосновка айылындагы посттон кармалып, Жайыл РИИБине жеткирилген. Бирок ал бала кызды ошол жерден бычактап, өзүн да өлтүрүүгө аракет кылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, ИИМдин 20дан ашык кызматкери жумуштан бошотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(11)
09.06.2018. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Митинг кылган жакшы,бирок олкодо закон да катуу иштеш керек. Эгер закон иштевей,коррупции кундон кунго осо берсе,мин митинг кылгандан пайда жок
09.06.2018. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Колумдан келсе ЧОН школа ачмакмын 1жаштан 100 жашка чейинки кыргыз эркектерди ТАРБИЯЛООГО. Апага,келинчегине,эжесине,карындашка,женеге,кочодогу кыздарга,негизи эле айымдарга кандай мамиле кылуу керектигин уйротуу,жана кочодо озун кандай алып журуу экендиги кийим кийингенди,суйлоо этикасын,иштеп акча таап уй булоону ким кантип багуу керектигин уйротуу. Кочодо сигарет тартып НАСВАЙ ЧАЙНАПчыйт этип тукурунгон,согунушкон,аялдын созу жакпай калса баса калып мушташкан карангы чала була мужиктер учун
Djal1987 түзөттү 2018-06-09 21:18:35
09.06.2018. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Djal1987,молодец бар экенсинго
10.06.2018. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Djal1987,tupturaaa,koshulam.
09.06.2018. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен дагы да кайталайт элем ; Бурулай балким ал жигитти суйду, жакшы корду 3 жыл суйлошкондорун айтып жатышпайбы жигиттин коллегалары, агасы.
Бир эмес эки ала качуу болуптур, неге атасы именно атасы Бурулайдын жолун кести озумчулдугу менен?? Ушуга кейийм.
А так, учунчу ала качууда жигит да эрегишти окшойт.
Мисалы; Мени да атам суйлошкон жигитиме эмес озу тандаган куйоого берген!!
10.06.2018. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Medina87,анан? Макул болбосо бычак сайып олтуруш керекпи??? Сенин атандын чечими Бурулайга кандай тиешеси бар?
10.06.2018. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Medina87,бул эми берки баланын жазасын женилдетиш учун айтып атышат да суйлошуп журушкон деп
10.06.2018. 04:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ала качууда аялдардын да куноосу бар. Чон энелер босогого жата калып, биз да ошентип келгенбиз деп кыйнап ак жоолук салып. Аялдык толерантност деген жок. Айлайын бул да буроонун Кызы деп аяшпайт. Балдарына туура Тарабия берип, ала качуу дегенди токтот деп айтышбайт. Жакынакай эле суйлошуп, сойко салып алып кетсе жакшы болот го.
10.06.2018. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aya88,эң туура сөздү айттың ошо апалары алып качып алып келген кызды келин кылбайм десе эле болду
10.06.2018. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aya88,азыр илгерки кез эмес деп коюш керек экен☺
11.06.2018. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушунбойсун азыркылар суйлошуп келсе деле 1 ей же 1 жылдан кийин ажырашып кетишет..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: