Украинада коррупцияга каршы сот түзүлөт. Кыргыз оппозиционери "бизге да мындай сот керек" дейт
Украинада коррупцияга каршы сот түзүлөт. Буга байланышкан мыйзам долбоорун Жогорку Рада 7-июндагы жыйында экинчи окууда колдоого алды. Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, мыйзам долбоорун парламенттеги 450 депутаттын ичинен 315 депутат колдоп берген. Жогорку Раданын төрагасы Андрей Парубийдин белгилешинче, аталган мыйзам долбоорун колдоо менен Украина парламентти эң татаал чечимдерди чыгара ала турган жана реформа жасоочу аянт экенин далилдегенин айтты.
Экс-депутат Равшан Жээнбеков да Кыргыз жеринде Коррупцияга каршы тергөө, Коррупцияга каршы сот түзүүнү демилгелөөдө. Жээнбековдун белгилешинче, бул туңгуюктан чыгуу, адилеттүү тергөө, адилеттүү жана ачык сот болушу үчүн Коррупцияга каршы тергөө жана Коррупцияга каршы сот түзүү зарыл.
"Күнөөсүз адам түрмөгө отурганча, күнөөлүү адамдын камалбай калганы жакшы. Ооба, бул талкуу жарата турган эл аралык юридикалык пикир. Мына Атамбаевке кызмат кылган УКМК эми Атамбаевдин тегерегиндегилерди камоодо. Атамбаевге кызмат кылган соттор эми Атамбаевдин тегерегин соттойт. Бул институционалдык деградация, конфликт", - деди Жээнбеков.
кошулду






1 |