Ошто Июнь окуясы эскерилди (сүрөт)








Бүгүн, 10-июнь күнү Ош шаарында 2010-жылы болуп өткөн каргашалуу Июнь окуясында каза болгондор, дайынсыз кеткендер эскерилип, “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексинде митинг-реквием болуп өттү. Ага биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов жана окуя учурунда каза болгондордун, дайынсыз жоголгондордун жакындары катышты.
Мэриядан кабарлашкандай, алгач “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексине гүл чамбарлар коюлуп, окуяда көз жумгандарга багышталып куран окулду.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов митинг-реквиемде сүйлөгөн сөзүндө айрым бир күчтөр өз кызыкчылыгы үчүн улуттардын ынтымагына чок салып, кайгылуу окуя болгонун белгиледи. Бирок эл аны түшүнүп, учурда биримдикте жашап жатышат жана бийлик тарабынан болгон камылгалар көрүлүп жаткандыгын кошумчалады.
Айтмамат Кадырбаев Июнь окуясы сабак болуп, учурда шаарда ар улуттун өкүлдөрү отурукташса да, этностук тегине карабастан ынтымак менен жашап жатышкандыгын белгиледи.
Андан соң бийлик өкүлдөрү жабыр тарткандарга берилген үйлөргө барып, элден кабар алып, каза болгондорго куран окуп кайтышты.


Ош коогаланынын башкы куноолуулору Кадыржан Батыров, Салохитдинов ж.б.озбек диаспорасынын лидерлери. Жана алар менен кызматташып, аларга таянып келген Отунбаева башында турган "Убактылуу Окмот", анын Атамбаев, Текебаев, И.Исаков ж.б.мучолору...
Башкалардын улутун кемсинтип, улуттар аралык түшүнбөстүк жараткан билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат! 5 күн БАНга!
Айта берсе соз коп....
Улуттар аралык түшүнбөстүк жараткан билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат! Эскертүү!