Бүгүн парламенттик комитетте Улуттук банк менен Эсептөө палатасынын төрагалары отчёт берет
Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинде Улуттук банктын жана Эсептөө палатасынын төрагалары 2017-жылда жасаган иштери тууралуу отчёт берет.
Жыйында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов баяндама жасайт.
Андан сырткары ар кандай маселелер да каралмакчы.
Эске салсак, Толкунбек Абдыгулов Улуттук банктын төрагасы болуп 2014-2017-жылдары иштеген. 2017-жылы августта Сапар Исаковдун өкмөтү менен биринчи вице-премьер-министр кызматына келип, ноябрда вице-премьер-министр болуп дайындалган. Былтыр декабрь айында кайрадан Улуттук банктын төрагалыгына келген.
Ал эми Улукбек Марипов 2016-жылдан бери Эсептөө палатасынын төрагасы болуп иштеп келүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

